Кулпу

Википедия дан

Кулпу - ачылбас кылып бекитүү үчүн салынуучу түзүлүш.

Ал үй, склад, сейф, мебель ж. б-дын каалгаларын бекитүү үчүн колдонулат. Кулпу алгачкы жолу Ассирия, Вавилония жана Египетте болжол менен б. з. ч. 2миң жылдыкта пайда болгон. Азыркы Кулпулар механизмдеринин түзүлүшүнө жана иштешине карата пластинкасыз, пластинкалуу, цилиндр түрүндө жана жашырын болуп айырмаланат. Алар ачып, чыгарылып алына тургандай болуп салынат же оюп орнотулат.

Пластинкасыз Кулпуда ачкычты айландырганда Кулпунун тили пружинанын астындагы тээкке такалып, жылбай бекип калат. Мындай Кулпунун жашырындыгы ачкыч кирүүчү тешиктин ар кандай түспөлдө (оюктуу) жасалгандыгында болот. Пластинкалуу Кулпунун тили ар түрдүүчө жасалган кыймылдуу пластинкалар менен жылдырылат. Мында ачкычтын тилинин урчуктары белгилүү бир пластинканын гранындагы оюктарга туура келип тийишкенде гана ачкыч айланат. Бул үчүн Кулпунун тешигине өз ачкычын салып ачуу керек. Цилиндр түрүндөгү Кулпунун иштөө принциби пластинкалуу Кулпунукуна окшош, бирок мында пластинкалардын ордуна штифт жасалат. Ал штифттер цилиндр формасындагы езөкчөнүн оюктарына бүтүндөй киргенде гана ал өзөкчө өз огунда айланат да, Кулпунун тилин кошо жылдырат. Ачкычтын тилиндеги оюкча штифтти 0,1 мм ге эле туура эмес жылдырса, анда ачкыч жылбай калат.

Жашырын Кулпуда кадимки механизмдер менен кошо ошол Кулпуга таандык болгон тамгалык же цифралык шифр аркылуу тутканы же шакекчелерди белгилүү абалга келтирип, анан ачкыч менен же ачкычсыз ачыла турган кошумча түзүлүш болот. Каалгалык, мебелдик ж. б. Кулпулардан башка да атайын Кулпулар (мисалы, ювелир буюмдары үчүн) жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.