Чатыр

Википедия дан

Чатыр — кездеме менен капталып, бурчтарынан керилип коюлуучу, көбүнчө жай мезгилинде пайдаланылуучу жеңил үй, алачык. "Манас" эпосунда Алоокенин : "Чатыры сексен кубулган" (Сагымбай Орозбаков, 2. 182), "Алтын танап чатырды Аркы-терки бүктөтүп" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 180). Манастыкы "Төрт төбөлүү көк чатыр" (Сагымбай Орозбаков, 2. 308), — деп сүрөттөлөт. "Манас" эпосунда Ч. кеңири колдонулуп, айрыкча жортуулга, салбырынга жана башкалар чыкканда тигилгендигин, ошондой эле кандардын Ч-ы өзгөчө жасалгандыгын байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4