Чие

Википедия дан
Prunus pseudocerasus.

Чие (лат. Cerasus) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дарак же бадал. Бийикт. 2-3 м. Жалбырагы жөнөкөй эллипс формасында, кезектешип жайгашат. Учу тишчелүү болуп, үстү жалтырак, өңү күңөрт – жашыл, уз. 5-8 см, жалбырак сабы 5 см. Гүлү ак, кызгылт топ гүлдүү, кайчылаш чаңдашат. Май айында гүлдөйт. Мөмөсү ширелүү, бир данектүү. Дүйнөдө 150, анын ичинде КМШда 25, Кыргызстанда 4 түрү белгилүү. Бат өсүп, кургакка, суукка жана көлөкөгө туруктуу, о.эле газга, түтүнгө чыдамдуу келет, гумуска бай, борпоң, кумдак жерде жакшы өсөт. Эрте мөмөлөп, жыл сайын мол түшүм берет. Мөмөсүндө 7,3-17,5 % кант, 08-2,4 % к-та жана түрдүү витаминдер бар. Жаңы кезинде желет жана кыям, компот, шире кайнатылат. Кадимки чийенин жапайы түрү жок. Өстүрүлмөси дарак жана бадал болуп бөлүнөт. Кыргызстанда Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө, Ош областында Ч-нин Люб, Самаркан, Шпанка, Растунья сорттору өсөт. Кыюу асты үчүн бардык сорту пайдаланылат. Балдуу өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]