Апсиев (Абзиев) Моңош

Википедия дан
Апсиев, (Абзиев) Монош‎»‎ барагынан багытталды)

Апсиев (Абзиев) Моңош (13. 8. 1938, Нарын облусу, Нарын району, Кара-Булак айылы) - контрабасчы, КРнын эл артисти (1996). 1958-жылы М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын бүткөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958-63-жылдарда Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторпяда окуган. 1963-66-жылдарда кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, 1966-67-жылдарда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин контрабас тобунун концертмейстери. 1967-жылдан Кыргыз улуттук телерадиосунун симфониялык оркестринде иштейт. Кыргыз композиторлорунун ондогон аспаптык жана башка чыгармаларын контрабас үчүн иштеп чыккан. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]