Лавразия

Википедия дан
Лавразия жана Гондвана.

Лавразия (мурдагы Лаврентий калканы менен Азия материгинин атынан) – Түндүк Америка, Чыгыш Европа , Сибирь (балким Кытай-Корей, Түштүк Кытай) платформаларынан турган байыркы зор материк. Бул платформалардын ортосунан каледон жана герцин бүктөлүү зоналары орун алган. Девон мезгилинин башталышында пайда болуп, мезозой заманынын ортосуна чейин турган. Кийин Атлантика океаны орун алганда азыркы абалга келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7