Мазмунга өтүү

"Ала-Тоо" Эл аралык университети

Википедия — ачык энциклопедия

"Ала-Тоо" Эл аралык университети (АЭУ)[1]Кыргызстандагы университет.

"Ала-Тоо" Эл аралык университети
Ала-Тоо Эл аралык Университети
Жалпы маалымат
Эл аралык аталышы:Ala-Too International University
Девиз
Түптөлгөн жылы:1996-жылы
Тиби:Жеке
Ректор:Жакшылыков Жылдызбек
Студенттер:
Чет элдик студенттер:
Бакалавриат:
Окутуучулар:
Жайгашкан жери:Бишкек
Дареги:Максим Горький көч. 1/8 Туңгуч мкр.
WebsiteInternational Alatoo University(жеткиликсиз шилтеме)
Башкы кампус

Ала-Тоо Эл аралык университети 1996-жылы "Себат" билим берүү мекемеси менен Кыргыз Республикасынын Илим, билим жана маданият министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык негизделип, 1997-98 окуу жылында лицензия алып таалим-тарбия иштерин баштаган. Бул окуу жайга абитуриенттер Ала-Тоо университетинин Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан уюштурулган сыноонун жыйынтыгы менен кабыл алынат. Учурда университетте 3 факультет жана аларга караштуу 15 бөлүм бар. Таалим-тарбия иштери 4 тилде жүргүзүлөт.

Факультеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Жаңы технологиялар факультети

  • Компьютердик инженерия бөлүмү
  • Колдонуучу математика жана информатика бөлүмү
  • Электроника жана микроэлектроника бөлүмү
  • Инженер-менеджер бөлүмү

2. Экономика жана башкаруу билимдери факультети

  • Менеджмент бөлүмү
  • Финансы жана кредит
  • Экономика бөлүмү
  • Эларалык мамилелер бөлүмү

3. Коомдук жана гуманитардык илимдер факультети

  • Англис тили жана адабияты бөлүмү
  • Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү
  • Түркология бөлүмү
  • Синхрондук котормо бөлүмү
  • Кытай тили жана адабияты бөлүмү
  • Педагогикалык психология бөлүмү

Социалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Компьютердик лабораториялар
  • Китепкана
  • Спорт комплекси
  • Ашкана жана буфеттер
  • Кыздар жана эркек балдар үчүн комфортабелдүү жатаканалар
  • Заманбап техника менен жабдылган имараттар жана аудиториялар
  • Социалдык-маданий иш-чаралар
  • Эл аралык конференциялар
  • Жыл сайын студенттик конференциялар
  • Саясатчы, окумуштуулар жана белгилүү инсандар тарабынан өткөрүлүүчү конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү
  • Спорттук жарыштар
  • Университеттин шаңдуу КВН командасы
  • Студенттик концерттер
  • Карьера күндөрү
  • Студенттик клубдар
  • Кино клубу
  • Театр клубу
  • Веб дизайн клубУ
  • Компьютердик программаларда такшалуу клубу
  • Спорттук клубдар (футбол, баскетбол, теннис ж.б.)

Студенттер тарабынан уюштурулган КФС, V-Кору (V-Fund) аттуу кайрымдуулук жана өнүгүү фонддору ж.б. көптөгөн студенттик клубдарга катышуу менен жеке таланттарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү.

Тышкы байланыштар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университет чет өлкөлөрдөгү университеттер жана илимий борборлор менен да тыгыз байланышта. АКШдагы Миссисипи Университети, Трой университети, Жексон Стейт университеттеринен сырткары Түндүк Кипрдеки Чыгыш Акдеңиз университети, Эларалык Кипр университети, Швецариядагы Цюрих техникалык университети жана Түркиядагы Кожаели университети менен орток проектилерди иштеп, жеткиликтүү таалим-тарбия берүү үчүн ар тараптуу кызматташып келет.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]