"Ата-Мекен" Социалисттик Партиясы
Ата-Мекен Социалисттик Партиясы | |
Партиянын төрагасы: | Текебаев, Өмүрбек Чиркешович |
Түптөлгөн жылы: | 16-декабрь 1992-жыл |
Саясий көз карашы: | Социалисттик |
Ата-Мекен Социалисттик Партиясы-Кыргызстандагы саясий партиялардын бири. Партияны Өмүрбек Текебаев консервативдик көз караштагы "Эркин Кыргызстан" партиясынан чыккандан кийин 16-декабрь 1992-жылы түптөгөн.
Партия солчул либералдык көз карашта болуп, төмөнкү принциптерди карманаары партиянын негизделишинде бекитилген: коомдун эволюциялык реформаланышы,көйгөйлөрдү чечүүдө консенсуска жетишүү, күчтүү мамлекеттик бийлик,күчтүү мамлекеттик социалдык саясат (байларга – эркиндик, кедейлерге - камкордук). [1]
2010-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 5.49% добушун алып, Жогорку Кенеште 18 мандат алган. [2]
Партия 2012-жылы либералдык коз карашатагы Равшан Жээнбеков жана Омурбек Абдрахмановду бир добуш менен фракциянын катарынан чыгарды.