"Аялдарга жардам берүү борбору" коомдук бирикмесинин гендердик мектеби (АЖББ ГМ)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"Аялдарга жардам берүү борбору" коомдук бирикмесинин гендердик мектеби (АЖББ ГМ) – эларалык тажрыйбанын, улуттук жана эларалык документтердин, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана жеке байкоолордун негизинде гендердик сезимталдыкты калыптандыруу жана социалдык, саясий, экономикалык, маданий жана гендердик деңгээлдердеги теңсиздиктин ар кандай формаларын түшүнүү максатында Аялдарга жардам берүү борборунун жамааты түзгөн окуу программасы.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан Пекин иш-аракеттер платформасына (ПИП) кошулуу менен аялдардын укуктук жактан сабаттуулугун арттыруу милдеттенмесин алган. Бул максатка жетүү жолдорунун бири гендердик окууларды өткөрүү. Бейөкмөт уюмдар (БӨУ) мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте гендердик окууларды өткөрүүгө чоң салым кошту десек жаңылышпайбыз. 2002-жылдын февраль айында АЖББ жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери, Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрүндөгү БӨУдын активисттери үчүн биринчи гендердик мектепти ("Кышкы гендердик мектеп") өткөргөн.

Гендердик мектептердин форматы[оңдоо | булагын оңдоо]

Окууну жарандык билим берүү, гендердик маселелер, адам укуктары, демократия жаатындагы тажрыйбалуу тренерлери өткөргөн. Биринчи мектепте Эларалык жазык сотунун жана Рим статутунун маселелери боюнча маалымат берилгендиктен, "Гендердик акыйкаттык үчүн аялдардын кокусу (жыйналышы)" деп аталган эларалык БӨУдун өкүлү нидерландиялык Леки Дрозен айым тренер катарында чакырылган. Ошондой эле бир катар сессияларды өткөрүү үчүн башка БӨУдын тренерлери менен Кыргызстандын эксперттери да чакырылды, алардын катарында: профессор, Жогорку Кеңештин депутаты Р.А. Ачылова, Жогорку Кенештин депутаты Т.Ж. Боронбаева, философия илимдеринин доктору, профессор М.М. Эдилова, юридикалык илимдердин кандидаты, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин укук кафедрасынын доценти Г.Т. Искакова ж.б.

2002-жылдан баштап 2014-жылга чейин 20 гендердик мектеп өтүлгөн. Алардын баары өз убагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Биринчи гендердик мектептердин тематикасы жалпы гендердик маселелерге байланыштуу болуп, кийинки мектептердин программалары төмөнкүдөй темалар менен толукталган:

  • гендердик сот адилеттигинин механизмдери,
  • Кыргызстандагы аялдардын трафигинин өзгөчөлүктөрү,
  • аялдардын саясий укуктары, алардын Жогорку Кеңештин жана айылдык кеңештин шайлоолоруна катышуусу;
  • аялдардын репродуктивдик укуктары жана ВИЧ/СПИДден начар корголгондугу,
  • жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде гендердик ык-амалдарды өздөштүрүү.

Мектептердин форматында Кыргызстандын калкынын маданиятынын өзгөчөлүктөрү эске алынып, чоңдордун интерактивдүү окуу принциптерине негизделип, ар кандай окуу технологиялары колдонулат (видео презентациялар жана кыргыз аялдарынын чыныгы турмушта болуп өткөн окуяларын караштыруу). АЖББ ГМ колдонулган дагы бир окутуу ыкмасы - фасилитатор жетектеген чакан топтордо иштеп, ар бир катышуучунун материалдарды өздөштүрүүсүнө жана жети күндүн ичинде бир команданын ичинде иштеп, баарлашуу шыктарын өркүндөтүүсүнө көмөктөшүү.

Гендердик мектептердин натыйжалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Гендердик мектептердин программалары даярдалып жатканда АЖББнун эксперттери бир катар документтерди түзүп чыгышты: Тренерлерге арналган "Кыргызстандагы гендердик мектеп" нускамасы (2003-2004); тренерлер үчүн "Гендер жана шайлоолор" методикалык куралы (2004); тренерлер үчүн "Адамдарды сатуу жосундарына жол бербөө" окуу куралы (2005); Гендердик укуктук маалымдама (2010); "CEDAW боюнча суроолор жана жооптор" (2010), ошондой эле: "Кыргызстанда гендердик саясаттын өнүгүү тарыхы" таблицасы, "Көйгөйлөр менен курчалган жабырлануучу" схемасы, "Шырдак" көнүгүүсү ж.б. Акырындык менен бул куралдар башка уюмдардын жана эксперттердин иштеринде кеңири колдонула баштады.

АЖББ ГМде катышкан 500 адамдын басымдуу көпчүлүгү окуп-үйрөнүшкөн гендердик ык-амалдарды өз иштеринде пайдаланышууда. Алардын 80% - бардык чөлкөмдөрдөгү социалдык маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары болду. Гендердик мектепте окушкан катышуучулар өз чөйрөлөрүндөгү гендердик көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурушуп, алардын үчөө кандидаттык диссертацияларын жакташты. АЖББ ГМтин айрым бүтүрүүчүлөрү КРнын Жогорку Кеңешине жана жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка шайланышып, өз ишинде гендердик маселелерди сүрөмөлөп келишүүдө. АЖББ иштеп чыккан программа менен методиканы башка БӨУ улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде жарандык окуу программаларында кеңири пайдаланышууда. АЖББ ГМтин бүтүрүүчүлөрүнөн жергиликтүү деңгээлде гендердик адистердин командасы түзүлүп, ал ЖӨБОнын ишинде гендердик ык-амалдарды жайылтууда.

Эскертмелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]