"Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
"Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы
Автору Башкы редактор Жураев Б.Ж./Редколлегия мүчөлөрү
Нукура аталышы кырг. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн", өзб. "Қирғизистон равнақи фидокорлари", орус. "Во имя процветания Кыргызстана"
Которгон кырг. тилинде Зина Пасанова, өзбек жана орус тилдеринде Дилмурад Рахманов
Өлкөсү Кыргыз Республикасы
Тили кыргыз, өзбек, орус
Темасы Энциклопедия
Жанры илимий-маалымдама
Медианын түрү китеп
Беттери 336
ISBN 978-9967-18-344-5

"Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы - инсан, тарых, илим, искусство, айыл чарба, экономика, жана башка тармактарды, ошондой эле Кыргызстандын азыркы жана өткөндөгү урунттуу учурларын чагылдырган фундаменталдуу энциклопедиялык басылма. Энциклопедия атайын редакциялык кеңеш тарабынан даярдалган. Башкы редактор Бурибой Жураев, жооптуу катчы Лутфулло Рахмонов.

Китептин мазмуну[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандагы этникалык өзбектердин көрүнүктүү өкүлдөрү жөнүндө жазылган бул китеп Кыргыз Республикасынын 25-жылдыгынын урматына карата жарык көрду. Анда республиканын ар кандай тармактарында эмгектенишип, экономиканын, илим-билимдин, маданияттын, айыл чарбасынын, саламаттыкты сактоонун жана спорттун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошушкан 126 ишмердин өмүр таржымалы баяндалат. Бул китеп кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жарык көрүп, окурмандардын кеңири катмарына арналат.

Көп улуттуу элдин биримдигин чыңдоо боюнча иштер өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ жана ал бардык мамлекеттик органдардын жана ар бир жарандын туруктуу коңул буруусун жана олуттуу аракеттерин талап кылат.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев

Этникалык өзбектер мамлекеттүүлүккө ээ болгон кыргыз эли менен бирге илгертен бери азыркы Кыргызстандын аймагында жашап келе жатышат. Боордош эки элдин тарыхы жалпы мекенди чет элдик баскынчылардан, СССРге кол салган фашисттик немецтик агрессорлордон биргелешип коргоодо көрсөтүшкөн баатырдыктары жөнүндө даңктуу барактардан башталат. Кыргыздар да, өзбектер да башка элдер менен биргеликте кан майдандагыдай эле оорукта да бир бүтүн күчкө айлануу менен фронтту эң маанилүү стратегиялык продукция - пахта сырьёсу менен камсыздап турушкан. Алдын-ала маалыматка караганда, кыргызстандык өзбектердин ичинен төртөө Советтер Союзунун баатыры, 34 - Социалисттик Эмгектин Баатыры, бирөө Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, 2 - Кыргыз Республикасынын Баатыры деген бийик наамга, бирөө - Ата-Мекендик согуштун "Даңк" орденинин үч даражасынын тең толук кавалерлигине татыктуу болушкан. Ошондой эле Кыргызстандын көптөгөн уул-кыздары өз мекенинин эркиндиги жана өнүгүшү үчүн өмүрүн, билимин жана эмгегин арноо менен сый-урматка жетишишти. Этникалык өзбектер мамлекеттин жана коомдун бардык чөйрөсүндө: укук коргоо, коргонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу иштерине активдүү катышып, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча эл аралык абройлуу мелдештеринде өлкөнүн намысын коргоп келе жатышат. Биздин өлкө Октябрь революциясынан кийин Орто Азиядагы алгачкы театралдык жамаат илимдин, маданияттын жана диндин байыркы борбору болгон Ош шаарында Рахмонберди Мадазимов тарабынан түзүлгөндүгү менен сыймыктана алат. Бул театрга алгач Сергей Миронович Кировдун ысымы ыйгарылса, республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин чыгыштын улуу ойчулу Захириддин Мухаммад Бабур атындагы Мамлекеттик академиялык өзбек-улуттук музыкалык-драма театры болуп аталган.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов

Кыргызстандын этникалык өзбек жарандары башка элдер менен катар эле илгертен эле кыргыз эли менен бирге жашап, жаңы коомду курушуп, катаал доорлордун азап-тозокторун бирге көтөрүшүп, Мекенди сырткы душмандардан бирге коргошуп, өлкөнүн экономикасын биргелешип көтөрүшүп: ГЭСтерди, шаар-кыштактарды, завод жана фабрикаларды курушканы баарыбызга белгилүү. Өзбек калкы өлкөдөгү илим-билимдин, маданияттын, искусство жана спорттун, адабият жана театралдык тармагынын калыптанышына жана өнүгүшүнө активдүү катышып келе жатат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында биздин мекендештерибиз жалпы совет эли менен биргеликте фашисттик баскынчыларга каршы эр жүрөктүүлүк менен кармашып, Мекендин эркиндигин коргоп калышкан. Көптөгөн мекендештерибиздин жан аябаган эмгеги өкмөттүк сыйлыктар менен татыктуу бааланган. Бул юбилейлик китепте Советтер Союзунун 4 Баатыры, "Даңк" орденинин үч даражасынын тең толук кавалери, Социалисттик Эмгектин 34 Баатыры, Кыргыз Республикасынын эки баатыры, Кыргызстандын жана башка көрүнүктүү ишмерлери, б.а. улуту өзбек даңктуу уул-кыздары жөнүндө баяндалат.


Союздук масштабда рекорддук түшүм алышкан көптөгөн айыл чарба алдыңкылары Социалисттик эмгектин баатырлары деген бийик наамга ээ болушту, мындан тышкары СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктары: Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Даңк белгиси ордендери ж.б. менен сыйланышты. Алар СССРдин, Кыргыз ССРинин Жогорку Советтеринин депутаттары болуп шайланышкан. Баатырлардын узун тизмесинде төмөнкүлөрдү белгилей кетели: Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Алля Анаров, анын агасы Хайитбай Анаров, Тойчу Кочубаев, колхоздордун даңктуу төрагалары: Аравандан Азамхан Саидахматов, Кара-Суу районунан: Турсунали Сулайманов, Убайдулла Содиков, Эшонхон Рахмонов, Шермамат Абдуллаев жана Даңк орденин толук кавалери Абдурашид Парпиев, Сузак районунан Олимжон Юнусов ж.б.[1]


Кыйраган шаар-кыштактарды кайра жаратуу, инфраструктураны, өнөр жай обьектилерин калыбына келтирүү, дың жерлерди өздөштүрүү, айыл чарба продукцияларын көбөйтүү иштерине этникалык өзбектер да активдүү катышышты. Партиялык-советтик органдарда партиянын райондук, шаардык комитеттеринде биринчи катчылар болуп шайлангандар: Хасан Камолов, Мухтар Исакулов, Маматказы Эргашев, Махамаджан Ахунов, Исматулла Мамажанов, Социалисттик Эмгектин Баатыры Халил Мирабдазизов, Абиджан Таджибаев, Шухратбек Ахмедов. Ал эми Абдушукур Исабаев 15 жыл бою эл депутаттарынын Ош областтык Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Алар райондордун жана шаарлардын социалдык-экономикалык татыктуу өнүгүүсүн камсыз кыла алышты. Өзбек улутунун көптөгөн өкүлдөрү Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, обкомунун мүчөлөрү, СССРдин Жогорку Советинин жана жергиликтүү кенештердин депутаттарынын арасында өзбек улутундагылар аз эмес эле. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондор да бир топ.


Эгемендүүлүк жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик агенттиктеринин директорлору жана министрлик даражада Зафаржон Хакимов, Собиржон Атаджанов, Бахтияржан Фаттахов, Шухрат Сабиров, Шеркузи Мирзакаримов, Ахмаджан Махаммадов (министрдин орун басары), Бахтияржан Салиев (мамагенттиктин директору) ж.б. иштешкен.


Академиктер жана ондогон профессорлор илимдин түрдүү тармактарынын өнүгүшүнө чоң салымдарын кошушту. Алардын ичинде: академик Мирсаид Миррахимов Социалисттик Эмгектин Баатыры, профессор Эрнист Акрамов - Кыргыз Республикасынын Баатыры деген бийик наамдарга татыктуу болушкан. Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шариповго дагы Кыргыз Республикасынын Баатыры деген мамлекеттик бийик наам ыйгарылган. Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты академик Мухаммаджан Мамасаидовдун илимий табылгалары орбиталар аралык автоматтык “Луноход” планетоходдун конструкциясында пайдаланылган. Кыргызстанда жашашкан жыйырмадан ашуун этникалык өзбектер совет мезгилинде доктордук диссертацияларын, ал эми жүздөгөн жаш окумуштуулар кандидаттык диссертацияларын республикада жана чет өлкөлөрдө жакташкан.


1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында түзүлгөн Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театры Октябрь революциясынан кийин Орто Азияда түзүлгөн алгачкы театрлардын бири болуп саналат. Анда Кыргыз Республикасынын 11 Эл артисттери эмгектенишкен. Алардын ичинде: Таджихан Хасанова Кыргыз ССРнин Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган. Розияхон Муминова, Турсунхон Солиева жана Нематжан Нематовдордун чыгармачылыгы көп жолу өкмөттүк сыйлыктарга арзыган. Театрдын даңктуу традицияларын улантуу менен азыркы учурда Бабур атындагы театрда Кыргыз Республикасынын 2 Эл артисти жана 11 эмгек сиңирген артисттер эмгектенишет.


Этникалык өзбектер арасынан чыгышкан спортсмендер Олимпиадаларда, дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык жана регионалдык мелдештерде өлкөнүн намысын коргоп келишүүдө. Даңктуу мушкер Орзубек Назаров дүйнөнүн жети жолку чемпиону болсо, ФИФАнын белгилүү рефериси Бахадыр Кучкаров Түштүк Африкада жана Бразилияда өткөн футбол оюнунун чемпионаттарында жана башка дүйнөлүк биринчиликтерде реферилердин мыкты ассисенти катары таанылган. Ондогон жаш спортсмендер жыл сайын ар кандай чемпионаттарда жеңишке жетишип, Кыргызстандын Туусун бийик желбиретип, мамлекеттик гимнибизди түрдүү континенттерде жаңыртышат.


2017-жылдын 1-январына карата статистикалык маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында жашаган өзбектердин саны 898 миң 363 адамды, же Кыргызстандын калкынын 14,6 % түзөт. Кыргызстанда бир үй-бүлөдөй жашашкан элдер менен бирге эле өзбек эли да кереметтүү кооз, уникалдуу, руханий-маданий мурастарга жана баалуу кен байлыктарга бай, эң башкысы эркин жана демократиялуу Кыргыз Республикасынын, сүйүктүү Мекенибиздин, гүлдөп-өсүшү үчүн билимин, эмгегин жана энтузиазмин аянышпайт.


Редакциялык кеңеш мүчөлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Абдугафуров Абдугани
  2. Абидов Одилжон
  3. Алимжанова Арофатхон
  4. Ахмедов Бегижон
  5. Газибаев Ботиржон
  6. Идрисов Хабибулло
  7. Исмаилов Мухаммадсоли
  8. Исамиддинов З.
  9. Мамасаидов Мухамаджан Ташалиевич
  10. Мухаммаджонов Ахмаджон
  11. Рахманов Дилмурад Дилдорбекович[2]
  12. Рахмонов Лутфулло (жооптуу катчы)
  13. Сабиров Пулат Саидович
  14. Таджибаев Шавкатбек
  15. Ходжаев Рашидхон

Кыргыз тилинде которгон Зина Пасанова, өзбек жана орус тилдеринде которгон Дилмурад Рахманов.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошондой эле кароо[оңдоо | булагын оңдоо]

Тиркемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]