"Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана "Манас" элдик эпосу"

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"Кыргыз мамлекеттүлүгү жана "Манас" элдик эпосу" – Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаевдин фундаменталдуу эмгеги. 2002-жылы жарык көргөн. 600 беттен, 17 бөлүмдөн турат. Бул китепте А. Акаев окумуштуу жана ойчул катары кыргыз элинин кылымдарды карыткан бай тарыхын чагылдырат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биздин заманга чейинки 3-кылымдын акырындагы алгачкы башаттарынан азыркы мезгилге чейинки тарыхы талдоого алынат. Китептин өзөгүн – көөнө тарыхтын табышмактары менен сырлары, мамлекеттүүлүктү чыңдоонун бүгүнкү күндөгү маселелери, Кыргызстандын болочок тагдыры, ошондой эле баатырдык, тарыхый – поэтикалык «Манас» элдик эпосунун эбегейсиз мааниси жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр түзөт. Бул китеп – Ата-Мекен тарыхына мамлекет башчысы А. Акаевдин терең иликтеген көп жылдык эмгектеринин жыйынтыгы. Анда, кыргыз малекеттүүлүгүнүн 2020 жылдыгын аныктоодо дүйнөлүк маалыматтар менен бирге кыргыз элинин негизги энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу чоң түрткү болгондугу көрсөтүлгөн.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]