"Манас" эпосунунун алфавиттүү жиги сөздүгү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"Манас" эпосунунун алфавиттүү жиги сөздүгү — профессор К. Дыйкановдун эки китептен турган эмгеги (КМУ, Фр., 1988).

Эмгек «Манас» эпосунун мисалы менен фольклордун поэтикалык стилин сыпаттап, сан менен аныктоо максатын койгон.

Бул сөздүк эки бөлүктөн турат:

  1. Алфавиттүү жиги сөздүк (№ 1 таблица);
  2. Жиги алфавиттүү сөздүк (№ 2 таблица).

Сөздүктүн биринчи китебинде орус жана кыргыз тилдеринде киришүү жазылып, бул түрдөгү сөздүктүн жалпы маанисине токтолгон. Жалпысынан алганда бул сөздүк эпостун басмадан жарык көргөн курама вариантынын (1958) 1-томунун лексикалык жана морфологиялык составы жөнүндөгү статистикалык маалыматты чагылдырат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4