"Манас" эпосу. Сагымбай Орозбаковдун варианты

Википедия дан
Негизги макала: Манас эпосу

«Манастын» окуяларынын кенендик чеги, ар кыл мүнөзү чыгарманын сюжеттик нугунан да таасын көрүнөт. Сагымбайдын варианты боюча эпостун кыскача мазмуну бул түрдө: бийлиги көп жерлерге жетип, акылмандыгы, баатырдыгы менен атагы алыска кеткен, достору сыйлап, душмандары жалтанган элинин туткасы Ногой кан (С. Каралаевдин варианты боюча Каракан. Түрдүү варианттарда айрым каармандардын ысымдары башка-башка аталуу эпостогу салттык белгилердин биринен) кайтыш болгондо анын ордун баскан мураскорлорунун жөнсүздүгүнөн пайдаланып, мурдатан аңдышкан душманы кытайлар кыргыздарды басып алып, жерин ээлеп, баш көтөргөндөрдү кул-күңгө айлантып, Ногойдун тукумдарын таратып туш-тушка сүргүнгө айдайт. Эл тентип, азып-тозуп, ордунда калгандар адамдан салык төлөп, күнкор турмушка баш ийип, өтө оор абалда калышат.

Алтайга айдалып барып, эгин айдап, алтын-күмүштүн кенин казып, калмактарга малай жүрүп жан сакташкан кыргыздардын арасындагы Ногойдун кенже уулу Жакып Бөйөн, Чаян дегендерге малай жүрүп, иши жаккандыктан, Чаян кызы Бакдөөлөттү токолдукка берет. Жакып ага чейин аталаш агасы Чыйырдынын жесири Шакан аттуу жеңесин алган экен. Бөйөн, Чаяндын көзү өткөн соң Жакып эсепсиз байыйт. Жашы элүүгө чукулдап, бирок эки аялынан бир да перзент көрбөй, көзүм өтсө мынча көп мал-мүлк кимге калат деп, убайым тартып, бала тилеп, кудайга зар айтып, мазар тайып, жер кыдырып жүрөт. Акыры Жакып жана анын аялдары жышааналуу түш көрүшүп, ошондон кийин өлгөн күйөөсүнүн аты менен Чыйырды аталып кеткен Шакандын боюна бүтүп, ал жолборстун жүрөгүн күсөйт. Калмактын Кара аттуу мергени аткан жолборстун жүрөгүн алдырып жеп, талгагы канган Чыйырдынын ай-күнү жетип, тогуз күнү толготуп жатып эркек бала төрөйт. Бала төрөлгөн учурда Жакыптын жылкысындагы жорго боз айгырдын үйүрүнөн эркек кулун туулуп, аны Жакып ырым кылып баласына арнайт.

Балалуу болгонуна кубанган Жакып чоң той берип, балага Манас деген ат коюлат. Манас жашынан өзгөчө тентек чыгып, ал тогузга келгенде катыксын, бар-жокту билип түшүнсүн үчүн ата-энеси козу кайтарт деп өз койчусу Ошпурга малайлыкка беришет. Козу кайтарып жүргөн Манаска кырк чилтен келип жолугуп, башыңа кыйындык иш түшсө жардам беребиз деп, убада кылышат. Ошпурдукунан баласын алып кеткени келген Жакып Манасты ээрчитип үйүнө бара жаткан жолдо жер коруган калмактар жолугуп, жылкыларың корук жерге кирип кетиптир дешип чыр чыгарып, чатакта атасын тегеректеп алып сабап жатышкан калмактардын бирин Манас укурук м-н чапса ал өлүп калат. Манжулук калмактар кун алабыз деп туш-тушка кабар айттырышып, чогулуп келген көп кол Жакыптын жылкысына тийишет. Жакыпка ошол чөйрөдөгү кыргыздар, казактар жана башка уруу, эл өкүлдөрү жардамга келишип, согушта калмактар жеңилет, жоого жеке кирип кол салган жаш Манас биринчи жолу эрдик көрсөтүп, оозго алынат. Манастан жеңилген алтайлык калмактар кытайлардын башкы каны Эсенкандан тартып туш-туштагы өз тарапкерлерине буруттардын арасынан Манас аттуу тың бала чыгыптыр, тез жоготуу керек деп кабар жиберишет. Манастын даңкын угуп көп колу менен келген Нескара, тың чыккан баланы байлап келгиле деп он бир дуу-ду атанышкан уйгур кандары жиберишкен он бир чыгаан балбан жаш баатыр жана анын тарапкерлеринен жеңилишет. Манас ошондой эле Эсенкандын соодагер түрүндө жиберген атайын адамдарын жеңип, алар алып жүргөн көп дүнүйөлөрүн элге таратып берет.

Жакып менен коңшу жашаган, уулу Манастын жакшылыгын көрүп, ымаласын кошкон ошол аймактагы кең Алтайдын ою-тоосун байырлаган кыргыз, казак, калмак, манжу элдеринин көптөгөн уруу өкүлдөрү чогулушуп, жообуз көбөйүп, айланабыздагы кытайлардын далайы менен касташып калдык, эндекей жатыш болбойт, биримдешип, кандуу журт бололу дешип, жаштардын сунушу б-ча Манасты кан көтөрүшөт. Таятасы Эштек менен учурашып келгени бараткан Манас кыргыз элин кылычтап кырып, баатырынын башын канжыгага байлап кетиш үчүн атайын камданып, жүз он миң кол менен келе жаткан он бир дуу-дунун көп колуна жолугуп калат. Эштек таятасы м-н анын уулу Жамгырчынын жана сары ногой элинин жардамы менн теңдешсиз жоону-тынчтык бербей кол салып турган уйгурларды баш көтөргүс кылып жеңет. Согушта колго түшкөн Кайып даңдын баатыр кызы Карабөрктү жактырып калган Манас кыз атасы м-н жарашып, ага үйлөнөт. Он бир дуу-дуга каршы согуштарда Манаска ж-а анын колуна касиеттүү адам Жаангер кожонун уулу Билерикти туткундан бошотууга аттанган катагандардын каны Кошой баатыр жардам берет. Манастын сунушу боюнча ата-бабанын туулуп-өскөн мекени Ала-Тоону калмак-кытай баскынчыларынан бошотууга кол аттанат. Көп кол кыргыз жерине жетип, Текес, Орго, Чүйдөгү Акунбешим шаа, Ташкендин каны Панусту жана башка жеңип Алтайга кайтат, жыл өткөрүп кеңеш куруп, көпчүлүктүн каалоосу менен Ала-Тоого көчүп келишет. Манас өз айылы м-н Азиреттин кара тоосунун этегине жайланышат.

Кытайлардын Анжиянды бийлеп турган белгилүү чоң кандарынын бири, Коңурбай баатырдын атасы Алооке кыргыздарды кыйратып чаап, Манастын көзүн тазалоо үчүн көп кол жыйып камданат. Анын кабарын уккан Манас артынан арбын черүү ээрчитпей кырк чоросу менен гана аттанып, согушка камданып котолоп жаткан душмандын сансыз колун аралап өтүп, Алоокенин ордосуна баса барат. Сынчы, кыраакы, кыйды Алооке жаш баатырдын айбат-сүрүн көрүп, алы жетпесине көзү жетип, урушсуз багынганын билдирет. Ак үйлүү кылып өз уулу Боокени, агасынын уулу Ыбышты Манаска кошуп берет. Оогандын каны Шоорук жаңыдан көчүп келген кыргыздарды чаап алмак болуп колу менен аттанып, Алайга жайгашкан нойгуттарды четинен талап кирет. Акбалтадан кабар уккан Манас шашылыш аттанып, согушта жеңилген Шоорук амандык сурап жарашып, кызы Акылайды баш кылып кырк кыз тартуу тартат. Акылай өзү көптүн ичинен тандап келип Манаска тиет.
Эпосто Алмамбеттин окуясы деген шарттуу аталыштагы анын Манаска келишине чейинки өмүр жолун баяндаган өзүнчө чоң бөлүм берилген. Анда бул каармандын тегинен тартып, туулушу, балалык чагы, качан, кантип Манаска келип кошулганы деталдаштырылып, кеңири сүрөттөлөт. Алмамбеттин атасы Соорондук (С. Каралаевдин варианты б-ча Азиз кан), ал бүткүл кытай аскерлерин башкарган өзгөчө чоң даражалуу адамдардын бири. Соорондук узак убак баласыз жүрүп, Алмамбетти көрөт. Жашынан зээндүү, терең акылга ээ Алмамбет сергектиги м-н өзүн окуткан мугалимдерин да таң калтырып, эрте жетилет. Ашкере акылдуу жана өзгөчө калыс катары калың журтка атагы чыга баштаган баласына атасы анын жаш экенине карабай кандык ордун, бүткүл кытай аскерлеринин башчысы мансабын өткөрүп берет. Мындай жооптуу кызматтарды аткарууда ал өзүн адилет, калыс акылман жана чечкиндүү башчы катары көргөзөт. Алмамбеттин даңкы башка элдерге жетет. Ээрчиткен жигиттери менен ууда жүргөн Алмамбет казактардын баатыры Көкчөгө жолугуп, андан мусулманчылыктын жолун угат да, ислам динин кабыл алат. Үйүнө кайтып, ата-энесине, элине ислам дининин жолун түшүндүрүп, мусулман болгула деп өтүнөт. Эне-атасы да, эли да тилин албайт, атасы ата динден безиптир, муну кармап өлтүргүлө деп буйрук берет.

Элинен качып чыккан Алмамбет аны күтүп жаткан Көкчөгө келип кошулуп, аны ээрчип казактарга барып туруп калат. Марттыгы, калыс-адилеттиги, терең акылы м-н элге бат алынып, кадыр-баркы өсөт. Аны көрө албаган Көкчөнүн жигиттери Акеркеч менен Алмамбеттин көңүл жакындыгы бар деген жалган ушак чыгарышып, ала көөдөн Көкчөнү аракка мас кылып көкүтүшөт. Көкчөдөн тентиген качкын, калмак кул деген сыяктуу катуу сөздөр угуп, көңүлү иренжиген Алмамбет андан кетип, уу уулап талаада жүргөн Манаска кокусунан жолугат. Алмамбеттин кабарын мурда уккан Манас аны зор урмат менен тосуп алып, экөө Чыйырдынын эмчегин ээмп тууган болушат. Алмамбеттин келгенине кубанган Манас көп эл чакырып, чоң той берет. Мурдагы алган аялдары Карабөрк м-н Акылай өзүнө тете жар болбой жөнсүз чыгып калганына нааразы болгон Манас атасы Жакыпка элден тандап жакшы кыз таап алып берип аталык милдеттен кутул деп доомат айтат. Уулуна ылайык кыз таппай, көп жерлерди кыдырган Жакып акыры Кыйба шаарынын каны Атемирдин кызы Санирабиганы жактырып, куда түшүп, көп калың төлөп, Манасты салтка ылайык үйлөнтөт. Кандын никейине өттү деген сөздү кыргыздар түшүнбөй калып, Санирабиганын аты Кан Никей экен деп ойлошуп, Манастын жаңы алган аялы Каныкей атыгат. Каныкейдин жанындагы нөкөр кырк кызга кырк чоро үйлөнөт. Алмамбет кайыптардын канынын кызы Аруукени алат.

Кыргыздарды кытайлар бөлүп туш-тушка таратканда Жакыптын агасы Үсөн түндүк тарапка айдалган экен. Ал жактан аялы өлүп, калмактан аял алып, Көзкаман атыгып, жан сактап жүргөндө Манастын кабарын угуп, балдары м-н кеңешип, элге бармак болуп көчүп жөнөшөт. Оогандыктардын каны Түлкү деген өзү үйүндө жокто Кошойдун эли катагандарды чаап алып, Кошой баатырдын жалгыз баласын өлтүрүп кетиптир деген кабар угуп Манас шашылыш камданып, Түлкүгө каршы аттанат. Бирок, Түлкүнүн иниси Акундун акылы жетиктиги менен эки эл кырылышкан согуш болбой жарашат. Түлкү катасын мойнуна алып, тартуу тартат жана кандыгын иниси Акунга өткөрүп берет. Акунга ыраазы болгон Манас аны менен достошот, балалуу болсок балдарыбызды достоштуралы, жок бирибиз эркек, экинчибиз кыздуу болсок кудалашалы деп убадалашып, бел куда болушат. Памустун ордуна кан болуп Ташкенди бийлеп турган Көкөтөй кандын уулу Бокмурун Түлкүнүн кызы Канышайды жактырып калгандыктан Манастын акылы боюнча Бакай баш болуп барып, калың төлөп Канышайга куда түшүшөт.

Манас үйдө жокто айылга Көзкамандардын көчү келет. Кабар уккан Каныкей тосо барып учурашып, өрүлүктөйт. Казаттан кайткан Манас жаңы келген туугандарынын кубанычына чоң той берип, аларга энчи бөлүп, кирер үй, киер кийимине, урунар казан-аяк идишине чейин бүт жаңылап зор урмат көрсөтөт. Ага карабастан Көзкамандын балдары Манаска кастык ойлоп, эбин таап аны тындым кылып, кандык ордун, малы-мүлкүн ээлеп алмакчы болушат. Ушул арада батыш тарапка жортуул, Алмамбеттин сунушу б-ча Айган менен уруш сыяктуу чакан эпизоддор да бар. Манаска айтпай аң уулап, жер чардап, жоо жолукса чаап олжо алып келебиз дешип аттанган кырк чоро батыш тарапка барып, аарылар деген элге жолугуп, арттан жете барган Манас менен кошулуп аарыларды жеңип олжо алып кайтышат. Айган м-н согушта жеңилген жоо тартуу тартып жарашышат. Ошол Айганга барган жортуулдан кайра келе жатканда Көзкамандар Манасты кырк чоросу менен алдап конокко чакырып, ичкен аштарына уу кошуп берип баарын уулантат. Кайыптардын жардамы менен аман калган баатыр оорудан айыгып, чоролорун ээрчитип элге кайтат.

Көзкамандар өз ара чатакташып, бирин бири өлтүрүп, бүт кырылып жок болушат. Ушундан кийин элде ичи бузук, ыркы жок туугандарды көзкамандарча бычакташкыла деген ылакап сөз калат.

Эсепсиз бай адам Көкөтөй кан карылыгы жетип, катуу ооруп өлөрүндө жакындарын чакырып, Түлкүнүн кызы Канышайды алганы күйөөлөп кеткен уулу Бокмурунга ал келгенде айткыла деп керээз сөздөрүн айтат. Көкөтөй керээзинде уулум Бокмурун чоң дүрбөөн кылбай эле мени жөнөкөй көмсүн, аш берем деп ат жеткен жердеги белгилүү кан, баатырларга кабар жиберип убара болбосун, бирок эсепсиз көп малым, батпаган алтын-күмүшүм, өтө көп өлүү дүнүйөм калды, атанын мүлкү балага мүлк болбойт, анын өз тапканы бар, ырыскысы башка, ушуну ойлонсун, не болгон күндө да уулум мени көмөрдө иним Манас менен кеңешсин дейт.
Көкөтөйдүн көзү өтүп, кайындарынан келген Бокмурунга атасынын керээзин угузушат. Ал Манаска барып кеңеш сураса, баатыр атаң акылман адам эле, сөзүн кайманалап айткан тура. Анын кылба дегени ушундай кыл деген сөзү. Атаңды өзгөчө ардактап көм, артынан камданып туруп мурда-кийин болуп көрбөгөн чоң аш бер, дүнүйө табылат, мен сага жардамдашамын дейт. Бокмурун атасын ардак менен жайына коюп, үч жыл камданып аты белгилүү адамдарды бүт чакырып чоң аш берет. Аштын оюн-шоок салтанаттары да өзгөчө болот. Байгенин көбүн кыргыздар алышат. Ашты Кошой бийлеп, Манас башкарат. Өздөрүн Манаска тең ата эсептешкен кыргыз урууларынын бир катар кандары ал ашты эч кимге кеңешпей жеке башкарганына ичтери тарып, чыр чыгармак болушканда Кошой арага түшүп, дос-кас бүт чогулган калың топто чыр чыкканы жакшы эмес, аш тынч өтсүн, кийин өзүм Манас канкорду басып берем деп тыйып коёт.
Аш тарап, бир жыл өткөндө кандар чогулуп «Кошойго убадаңыз кана?» – дешип барышса, ал «карыган адамды шылдың кылбагыла, чогулуп барып алыңар жетсе Манасты кыйрата бергиле» – деп тоготпой жатып алат. Кошой бизди алдаптыр деп кандар өзүлөрүнчө кеңешип, конокко барабыз, күт же конокко кел дешип Манаска элчилер жиберишет. Максаттары Манас келгиле десе көп адам м-н барып жүдөтүп, салтты буздуң, жакшылап күтпөдүң деп шылтоолоп басмырлоо, эгер конокко келсе бирден-экиден бөлүп алып, ыза көрсөтүү эле. Кандардын элчилерине Манас туура кырк күндө көп адам м-н келгиле деп жооп берет. Манастан коркуп, чочулаган кандар шашылыш камданып, ар бири өзүнө тиешелүү колун алып, айткан күнү келишет. Келген элди кырк чоронун сакалдуулары бөлүп кетип, жаштарга, ал эле эмес Манастын өзүнө да конок жетпей калат. Муну көргөн кандар Манаска алы жетпесин түшүнүшүп, эми кантер экенбиз деп убайым жеп чочулашат. Эмнеге келдиңер? деген суроого кандар ачык жооп бере албагандыктан, Манас аларга мынча көп адам жыйылып келген экенсиңер, жөн эле тарап кетпей көчмөндүү жообуз Коңурбай калчага каршы аттаналы деп сунуш кылат. Кандар каршы боло алышпайт. Колго Бакайды кан көтөрүп, Алмамбетке жол баштатып Бээжинге Чоң казатка (Сагымбай боюнча «Чоң чабуул» делет) аттанышат. Узак, татаал жол басып, кытай чегине жакындап, колду оорукка калтырып, төрт баатыр (Алмамбет менен Сыргак алгач жөнөп, Манас менен Чубак алардын артынан жете барып кошулат) чалгынга барышып, кытайлардын көп жылкысын тийип жөнөшөт. Артынан куугун келип, көп эл катышкан кыргындуу согушта кытайлар тарап жеңилип, алар тартуу тартып, эки эл жарашат.

Чыгарманын корутунду бөлүгү – Кичи казат. Ичи агарбаган Коңурбайдын куйтулук аракетинин натыйжасында кайра кармаш башталып, Манас жакын жардамчы баатырларынан, минген аты Аккуладан ажырап, өзү жарадар болот. Баатыр жараатынан каза таап, ага арналып күмбөз салынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Манас таануу" Болот Оторбаев Б.2018


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]