"Мин Кыял FM" радиосу

Википедия дан

"Миң кыял ФМ" радиосу Кыргыз Улуттук Телерадио корпорациясынын 3-каналы болуп эсептелет. 2007-жылы 1-январда саат 13:00дө обого обончу Апаз Жайнаков жазган акын Түмөнбай Байзаковдун "Кыргыз жери" аттуу Саламат Садыкованын аткаруусундагы ырын жаңыртуу менен чыккан. "Миң" сан (эсеп) маанисине келет. "Кыял" ой чабыт. "ФМ" радио уктуруудагы техникалык термин.

Радиону баштагандардын башында Журналист жана продюсер Тынчтыкбек Кожобеков турган. Аны менен катар Руслан Асанбек уулу, Назира Асанкожоева, Жаныбек Айдаралиев жана Канат Кадыржан иштеп баштаган. Радио 24 саат Бишкек жана Чүй аймагына өз уктурууларын сунуш кылат. Муну менен катар "ВВС" дүйнөлүк кызматынын кыргыз, орус тажик жана өзбек кызматтарынын уктурууларын түз алып уктурушат.

Учурдагы кызматкерлери: Башкы редактору Назира Асанкожоева, музыкалык продюсер - Тынчтыкбек Кожобеков - программалык редактор - Руслан Асанбек уулу , - музыкалык баяндамачы - Гүлназ Бакир кызы - үн жасалгалоочусу - Назгүл Айдаралиева Эфирдеги алып баруучулар: Жазгүл Жолдубай кызы, Акыл Жеңишбек уулу, Улан Улукболсун Расул Мырзатегин, Махабат Жумабек кызы - жаңылыктар кызматы. "Баш Бармактын" алып баруучулары: Тыке - Тынчтыкбек Кожобеков, Заке - Замир Казакбаев, Мый-Мый - Жазгүл, Даке - Диана,

Музыкалык фондунда 2000ден ашуун кыргыз заманбап ырлары бар.