"Сорос-Кыргызстан" Фонду

Википедия дан
«Сорос-Кыргызстан» Фонду

«Сорос-Кыргызстан» Фонду (ФСК) – эл аралык өкмөттүк эмес жеке уюм – коомдук институттарды өнүктүрүүгө жана коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү демилгелерге колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасында ачык коомду орнотуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулат. Ачык коом төмөндөгү мааниде колдонулат: жашоонун бардык чөйрөсүндөгү эркиндик жана ой-пикирлердин ар түрдүүлүгү; өнүккөн укуктук мамлекет; социумдун бардык мүчөлөрү үчүн өнүктүрүүгө бирдей катышуу мүмкүнчүлүктөрү.

Дүйнөлүк алкактагы финансист жана дүйнөгө белгилүү филантроп Джордж Сорос жетектеген «Ачык коом» Институту (Open Society Institute) Фонддун негиздөөчүсү болуп эсептелет. Фонд дүйнөнүн 31 өлкөлөрүндөгү улуттук Сорос фонддору кирген эл аралык тармактын жана иш аракеттерине кошумча 27 өлкөнү камтыган аймактык фонддун бир бөлүгү болуп саналат.

ФФФФФФФ

Фонд өз ишмердүүлүгүн өлкөбүздө 1993 – жылы баштап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөндөгү тууралуу күбөлүгүн 1995 – жылдын аягында алган. Ошол убактан бери «Сорос-Кыргызстан» Фонду укуктук, билим берүүчүлүк жана экономикалык реформалар, массалык маалымат каражаттарын, өкмөттүк эмес уюмдарын жана академиялык чөйрөлөрдү колдоо, коомдук саясат, саламаттык сактоо, маданият боюнча ар түрдүү чөйрөлөрдөгү жарандык демилгелерге көмөк көрсөтүп келе жатат. Жогорудагы демилгелерди каржылоо үчүн ФСК тарабынан өлкөгө кайтарылгыс 60 миллиондон ашык доллар келип түшкөн.

Фонддун иш – аракети ФСКнын Көзөмөл кеңешинин жана «Ачык коом» Институтунун стратегиялык чечимдери жана сунуштары менен жөнгө салынып, мамлекеттик институттардан, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардан турган өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.

Азыркы учурда Фонддо иштер негизги тогуз багытта жүргүзүлүүдө: билим берүүчүлүк жана укуктук реформалар, массалык маалымат каражаттарын колдоо, коомдук саламаттыкты сактоо, жаштар, бюджеттик ачыктык, маалымат чөйрөсү, коомдук башкаруу программалары, ошондой эле, эл аралык кызматташтык боюнча «Чыгыш – Чыгыш: чек арасыз өнөктөштүк» программасы.

«Сорос – Кыргызстан» Фондунун ишмердүүлүгү эки багытта жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасында аткарылган программалар, жана
2) Бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде, Кыргызстанда аткарылган тармактык программалар

Кыргыз Республикасында аткарылган программаларга төмөнкү темадагы долбоорлор иштетилет:
1) Массалык маалымат каражаттарын колдоо
2) Маалымат программасы (Жаңы технологияларды өнүгүү үчүн колдонуу)
3) Укуктук программа
4) Билим берүү тармагындагы реформалар
5) Коомдук саламаттыкты сактоо
6) Бюджеттик ачыктык жана жоопкерчилик
7) Коомдук башкаруу
8) Жаштар программасы

Бир нече мамлекет аралык тармактык программаларга төмөнкү темадагы долбоорлор иштетилет:
1) «Чыгыш – Чыгыш: чек арасыз өнөктөштүк»(жеткиликсиз шилтеме)
2) Тармактык стипендиалык программалар
3) ВИЧ/СПИД боюнча Орто Азия аймактык программасы(жеткиликсиз шилтеме)
4) Маалыматтык – ресурстук борбор(жеткиликсиз шилтеме)


"Сорос-Кыргызстан" Фондунун Интернеттеги баракчасы‏‎