"Сөз таануу" шеринеси

Википедия дан

"Сөз таануу" шеринеси - "Азаттык" үналгысы 2009-жылдын сентябрында (аяк оона айында) баштаган интернеттеги шерине.

Ал кыргыз тили жана кыргыз терминологиясы жаатында алектенген ар кандай адистерди жана адис эмес окурмандарды кыргыз тилинин көйгөйлөрүн чогуу-чаран талкуулоого чакырган атайын интернеттик форум болуп саналат.

Шериненин баш сөзүндө мындай чакырык камтылган:

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат. Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы. Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи. Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Шеринеге Кыргызстандын өзүндө жана андан сырткаркы аймактарда жашаган адистер жана тил күйөрмандары өз ойлорун жазып келишет.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]