Хадуд ал-Аалам мин ал-Машрык ила-л-Магриб

Википедия дан
"Хадуд ал-Аалам мин ал-Машрык ила-л-Магриб‎»‎ барагынан багытталды)

«ХУДУД АЛ-ААЛАМ МИН АЛ-МАШРЫК ИЛА-Л-МАГРИБ», «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки аймактары» («Дүйнө чектери») – 982-жылы ченде белгисиз автор тарабынан фарсы тилинде жазылган тарыхый-географиялык чыгарма. Академик В. Бартольддун пикири боюнча: «Орто Азия жана Чыгыш Азиянын тарыхы боюнча өтө көп баалуу даректерди, маалыматтарды биздин күнгө чейин жеткирген, мусулмандардын география, адабияты жөнүндөгү бирден бир чоң чыгарма болуп саналат». Чыгарманын кол жазмасын чыгыштаануучу окумуштуу В. Минорский Бухара шарынан таап, орус тилине которгон. Бул чыгарма кыргыздардын орто кылымдагы тарыхы боюнча өтө баалуу булак болуп саналат.

Жер шарын географиялык зоналарга бөлүү менен анда кыргыздар ээлеген аймактар атайын чектелип көрсөтүлгөн. Чыгарманын авторунун пикири боюнча кыргыздар өз башкаруучусун хакан деп аташып, коңшулаш уруулар жана элдер менен согушуп, айрым учурда келишим түзүп турушкан. Негизинен көчмөн турмушта жашашкан, аңчылык кылышкан, алар отко сыйынышып, өлгөндөрдү жерге көмбөстөн, өрттөшкөн. Кыргыздар Тарбагатай, Алтай тоолору, чыгышта Теңир-Тоодон Ысык-Көлдүн батыш жагына чейинки мейкиндикти ээлеп, тоо арасында жашаган калк экендигин, ошондой эле кыргыз уруулары жашаган тоолордун бири Тулас, ал жерде бугу, багыш, тыйын чычкан жана башка жаныбарлар бардыгын айтып кетет.

Кыргыздар кимак уруулары менен коңшулаш жашайт, алардын ортосун Кандауртагы бөлүп турат деп көрсөтөт. Ал Иртыш дарыясынын батыш жагындагы Алтай тоолору болсо керек. Айрым шаарлар жөнүндө да маалымат берилген. Кашкар шаары түштүк жагы Тибет, чыгыштан кыргыздар менен Чин мамлекетинин аралыгында жайланышкандыгын белгилейт. Кыргыздардын аймагы деп эсептелген Чүй, Талас өрөөндөрү, Ысык-Көл ойдуңу, Фергана жөнүндө да баалуу маалыматтар берилген. Теңир-Тоодо түркий жана согду тилинде сүйлөгөн калктар, ошондой эле Мавераннахр жана Хорасандан келгендер бар экендиги эскерилип, Фергана өрөөнү Түркстандын «дарбазасы» болуп, түркий тилде сүйлөгөн элдердин аймагы болуп саналат. Ош, Өзгөн шаарлары жөнүндө, көрктүү, таза шаарлар, миңдеген калкы бар, алар аскер ишин мыкты билишет деп жазат. Орус, англис, тажик тилдерине которулган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]