"Чырак щеткасы" сымал хромосомалар

Википедия дан
"Чырак щеткасы" сымал хромосомалар -‎»‎ барагынан багытталды)

"Чырак щеткасы" сымал хромосомалар - көп клеткалуу организмдердин өнүгүү процессиндеги өзгөчө формага ээ хромосомалар. Мейоздун жөнөкөйлөтүлүп (редукциялык) бөлүнүүсүнүн биринчи стадиясы - профаза өзүнүн убактылуу өлчөмдөрү менен айырмаланат. Бул стадия сперматозоиддин өөрчүү процессинде салыштырмалуу тез өтөт. Овогенезде (энелик безде жумуртканын жаралуу процессинде) болсо диплонема стадиясынан кийин көп убакытка созулган тыныгуу болот, бул ооциттин (энелик безде өсүп жаткан энелик клеткалардын) тез өсүшү жана "Ч. щ." с. х-дын пайда болушу менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]