«Абрискил»

Википедия дан

«Абрискил» абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын элин сүйгөндүгү, теңдик жана бакыт үчүн күрөшү чагылдырылат. Кудайга тобо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып коёт. 19-кылымдын 70-жылынан тартып « Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1