«Аврора» (крейсер)

Википедия дан

«Аврора» (крейсер) - Балтика флотунун 1-рангадагы брондуу крейсери. 1900-ж. сууга түшүрүлгөн, 1903-ж. флот катарына кирген. 1904-05-ж. орус-япон согушунда Цусима салгылашуусуна катышкан. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) « Авроранын» замбирегинен атылган курдүрмөт большевиктерге Кышкы сарайды алууга белги берген жана анын десанты куралдуу көтөрүлүшкө тике катышкан. 1948-ж. 17-ноябрда революциянын эстелиги катары « Авроранын» Нева дарыясында түбөлүк туруусу белгиленген. 1956-ж. «Аврора» крейсеринде Борбордук аскер-деңиз музейинин филиалы ачылган (Санкт-Петербург шаары).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1