«Айгүл» көркөм фильм

Википедия дан

«Айгүл» көркөм фильмкыргыздын туңгуч толук метраждуу көркөм фильмдеринин бири. 1937-ж. борбордук «Союздетфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Кыргыз аялдарынын кулчулуктан жана көз карандылыктан кутулуп, эркин жашоого баш койгондугун баяндайт. Сценарийи И. Вершининдики, реж. Ю. Васильчиков, оператору - Б. Монастырский, сүрөтчүсү - В. Панталеев, композитору - К. Корчмарев. Роль аткаргандар: Айгүл - Т. Зейферт, Мустафа - П. Гладжиев, Лу Си-я - Н. Мучирин, Ороз А. Боталиев, Ярматов - Т. Хожаев, Вовсенко Б. Баратов, Саид - А. Ким.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1