Акыл Карачач

Википедия дан
«Акыл Карачач»‎»‎ барагынан багытталды)

Акыл Карачач
Туулган жери

Алтын Ордо

Жашаган доору

XIV - XV кылым

Каармандын мүнөздөмөсү
Жынысы

Аял

Жумуш тармагы

Сөзгө чечен, калыс

Багыты

Оң каарман

Үй-бүлөсү
Күйөөсү

Төлөмырза

Байланышкан каармандар

Жээренче чечен

«Акыл Карачач»фольклордук каарман. Акыл Карачач уламыш боюнча Жаныбек Хандын доорунда жашаган Жээренче чечендин келини. Ошондуктан көпчүлүк окуяларда экөөнүн ысымы катар жүрөт. Акыл Карачач даанышман, кара кылды как жарган калыс, акылдуу жана сөзмөр делип сүрөттөлөт. Ал Жээренче чеченди ырайымсыз хандын каарынан айла-амалы, акылы менен кутултат. Акылга сергек, сөзгө чебер Акыл Карачач алакөөдөн, акылсыз ханды сөзгө жыгып, өз эркиндигин да коргоп калат. Акыл Карачачтын образы элдин таза, нукура көз карашын, келечек идеалын чагылдыргандыгы менен баалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1