«Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамбли

Википедия дан

«Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамбли - Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюштурулган, бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон. 1957-60-ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украпн ж. б. элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966-ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ансамбль кайрадан уюштурулат. 1977-83-ж. ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери КРнын эл артисти К. Мадемилова, 1983жылдан КРнын эл артисти, балетмейстер М. Асылбашев. 1988-жылдан ансамбль азыркы аталышта, 1991-ж. КРнын эл артисти Н. Түгөловдун ысымы берилген. Коллективдин концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Европа бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Тамаша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюитасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи-Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бийлер туруктуу репертуарга айланды. Коллектив Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзияда, Индияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1