«Ак Жалга», ААК
Көрүнүш
«Ак Жалга», ААК — ачык акционердик коом. 1994-жылы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы сыр заводунун (Караколдогу эт комбинатынын филиалы) базасында уюшулган. Сыр өндүрүү боюнча завод Кыргызстанда алдыңкы орунда. Анын өндүрүмү республикадан сырткары да Казакстанга, Россияга жөнөтүлөт. Материалдык-техникалык базасынын өнүгүшүнүн натыйжасында 1998-жылдан тартып сыр өндүрүү көбөйдү, 2003-жылы карата сыр чыгаруу 780 миң тга жеткен. Андан тышкары сүт продуктылары, балмуздактар чыгарылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1