«Алтын тамыр» ААК
Көрүнүш
«Алтын тамыр» ААК - ачык акционердик коом (1993). Бишкек биофабрикасы катары 1960-ж. негизделген. СССРдин биологиялык өндүрүшүнүн 1% биопрепаратын (карын зили, бактериофаг, лерс, подинол ж.б.) чыгарган. Вирустук вакциналарды, анаэробдук биопрепараттарды ж. б. өндүрүүчү цехтери бар. Андан сырткары механикалык жыгаччылык устаканалары бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1