«Асаба»

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«Асаба» - улуттук кайра жаралуу партиясы.

Уюштуруу съезди 1991-ж. 2-ноябрда болуп, официалдуу кароодон 1991-ж. 30-декабрда өткөн. «Асаба» улуттук-демократиялык саясий уюмун түзүү жөнүндөгү идея кыргыз жаштарынын 1990-ж. февралдагы чыгууларынан улам келип чыккан. Социалдык базасын кыргыз улутундагы жаштар түзгөн, жети жүздөн ашык мүчөлөрү бар.

1990-ж. ноябрда официалдуу кароодон өткөн, отуз беш пункттан турган программасы жана Уставы бар. Программадан айрым үзүндүлөрдү келтирели: 1-пункт. Кыргыз Республикасынын мамлекетти көз карандысыздыгын жана суверенитетин калыбына келтирүү. 8-пункт. Кыргыз Республикасынын аймагында 15 жыл жашаганда гана анын жараны боло алат. 13-пункт. Көп партиялуу системаны түзгөнгө аракеттенет. 17-пункт. Бүткүл бийликти шайланма органдарга берүү, КПСС-тин бардык мүлкүн элге берүү. Сот, прокуратура жана согуштук диктатураны орнотууну өз максаты кылып алган бардык партияларды жоюу. 18-пункт. Ишканалардагы парткомдорду жоюу. 28-пункт. Рынок экономикасына өтүү, туташ приватташтыруу негативдүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн, ошондуктан атайын программаны иштеп чыгуу зарыл. Мына ушундан кийин гана жерди, ж.б. объектилерди жеке менчикке сатууга болот. Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) түзүүдө «Ашар» сыяктуу эле «Асаба» да маанилүү ролду ойногон жана анын коллективдүү мүчөсү болуп келген. Ал кездеги «Асаба» кыймылын саясий партия деп шарпуу түрдө гана айтса болот. Негизги ишмердүүлүк формасы митингдерге, демонстрацияларга чыгуу, ар кандай жүрүштөрдү жасоо болгон.

1990-ж. 22-30-октябрда болуп өткөн он экинчи шайланган Кыргыз ССР Жогорку Советинин экинчи кезексиз сессиясындагы Президентти шайлоо учурунда коммунисттик режимге каршы чыккан. Өкмөт үйүнүн алдындагы ачарчылык уюштуруунун демилгечилеринин бири «Асаба» кыймылы болгон. Биринчи күнү ачарчылыкка чыккан 9 кишинин алтоо «Асабадан» эле. 1991-ж. июль айында 1916-ж. кыргыздардын көтөрүлүшүнүн 75 жылдыгына арналган Бишкек - Каракол багытындагы 13 күнгө созулган жөө жүрүш акциясын өткөрүүнүн демилгечиси да «Асаба» кыймылы болгон. 1994-ж. сентябрда «Асаба» партиясы тарабынан «1916-ж. кыргыздардын жана казактардын көтөрүлүшү» -деген китеп жарык көрдү.

1994-ж. 8-октябрда «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы өзүнүн жаңы программасын кабыл алган. Анда рынокко өтүүгө багытталган Президенттик стратегиялык курсун колдой тургандыктары ачык белгиленет. «Партиянын программасынын негизинде ар бир адамга инсан катары мамиле жасоо принциби жатат. Ар бир адам - инсан, кайталангыс дүйнө, ал гүлгө окшош. Мамлекет - көп гүлдүү килемдей. Гүлдөр канчалык көп ачылса, анда мамлекет ошончолук күчтүү гүлдөйт. «Асаба» партиясы өзүнүн программасын «ГҮЛ» деп атаган.

«Гүл» программасында партиянын милдеттери төмөнкүчө аныкталат: «Биздин коом - бир чоң үй-бүлө. Адам өз үй-бүлөсүндө жүргөндөй сезип, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачкандай шарттарды түзүп берүүнү өзүбүздүн негизги милдетибиз деп эсептейбиз.

Адамдын гүлдөшү үчүн 5 шарттын болушу зарыл:

  • 1) материалдык жыргалчылык;
  • 2) руханий жыргалчылык;
  • 3) улуттар аралык ынтымак;
  • 4) ички саясий стабилдүүлүк;
  • 5) тышкы коопсуздук.

«Аз болсо да, саз болсун» - деген принцип менен партияга кабыл алууда катуу талаптар коюлары «Асабанын» программасынын корутундусунда айтылган. Бүгүнкү күндө «Асаба» партиясынын, негизинен кыргыз, казак, дунган жаштарынан турган, эки миңден ашык мүчөсү бар.

Эки палаталуу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо (1995-ж., 5-февраль) «Асаба» партиясынан 32 талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө эл депутаты болуп шайланышты: Ө.Мамаюсупов жана Д.Садырбаев. «Асаба» партиясынын Борбордук Кеңешинин төрагасы Базарбаев Чапырашты болгон. Акыркы мезгилдерде бул партиянын жигердүүлүгү саясий аренада көрүнбөй калган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8