«Бургундия отели»

Википедия дан

«Бургундия отели» (Hotel de Bourgogne) – франциялыктардын драма театры. 1548-ж. Парижде түзүлгөн. Алгач «Бургундия отели» театрында мистериялар, фарстар, моралитеттер көрсөтүлгөн. Кийин трагедия, трагикомедия жана пастораль жанрларына кайрылган. 17-кылымдын 40-жылдары « Бургундия отели » классицизм багытындагы театр катары П. Корнель жана Ж. Расиндин трагедияларын коёт. 1680-ж. « Бургундия отели», Мольердин труппасы жана «Маре» театрынын труипасы биригип, «Комеди Франсез» театры уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]