Доор аяны
«Доор аяны» - кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы аркылуу аптасына бир ирет берилүүчү мекен таануу, инсаниат иликтөө, кыргыздардын тегин, урунттуу тарыхый окуялардын, материалдык жана руханий дөөлөттөрүн чагылдырган тарыхый-этнографиялык багыттагы илимий жанрдагы көрсөтүүлөрдүн автордук теле- программасы. Автордук программа аркылуу мезгил үнүнө шайкеш келген, кыргыз тарыхынын өтө урунттуу маселелерин көтөргөн, унутулуп бара жаткан ата мурастарды эл эсине кайтарып берүү үчүн жигердүү иш-аракеттер алып барылууда. Автордук программа телеэкранга чыккан күндөн тартып (1996-жыл, 5-февралда алгачкы теле берүү уюштурулган) 400дөн ашуун (2005-ж.чейин) атайын көрсөтүү калк назарына сунуш этилди. Бул көрсөтүүнүн автору белгилүү тележурналист, таанымал кыргызтаануучу Султан Абдыракманов.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4