«Жерди пайдалануу шериктештиги», ТОЗ

Википедия дан

«Жерди пайдалануу шериктештиги», ТОЗайыл чарба өндүрүш кооперациясынын Совет бийлигинин алгачкы жылдарында уюшулган формасы; коллективдүү дыйкан чарбасынын бир түрү. Анын мүчөлөрү жер бөлүктөрүн бириктирип, биргелешип иштетишкен. Андан алынган кирешеге машина, ошондой эле айыл чарба шаймандарын сатып алышып, ал буюмдар коомдун менчиги катары эсептелген. Түшкөн киреше шериктештиктин мүчөлөрүнө коомдук өндүрүшкө жумшалган эмгек күнгө жана эмгектин сапатына, өндүрүш каражаттарынын үлүшүнө, кээде киши башына жараша бөлүнгөн. 30-жылдардын башында колхозго бириккен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1