«Замана» агымы

Википедия дан

«Замана» агымы, «3амана» поэзиясы кыргыз ырчылары (төкмөлөр) жана акындар (жазма) поэзиясы менен коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлерде жашап келген термин. 19кылымдын орто ченинде пайда болуп, 20-кылымдын башында, тагыраак айтканда, 1917-ж. Октябрь төңкөрүшүнө чейин жана совет доорунда колдонулган. Термин агымдын өкүлдөрүнүн чыгармаларынын аталыштарынан келип чыккан. Адатта Калыгул Бай уулунун (болжол менен 1785-1855) «Акыр заман», Арстанбек Буйлаш уулунун (болжол менен 1824-78) «Тар заман», Молдо Кылычтын (1866-1917) «3ар заман», Алдаш Молдо Жээнике уулунун (1874-1930) «Хал заман», Жеңижок Өтө уулунун 1860-1920), Сагынбай Орозбак уулунун (1867-1930), Тоголок Молдонун (1860-1942) «Замана» аттуу көлөмдүү санат ырлары аталган. Мындай поэзиянын идеялык-тематикалык маңызы менен мазмуну кыргыз жергесине орус падышачылыгы үстөмдүк кылганга чейинки турмушту, феодалдык-патриархалдык мамилелерди, ислам жол-жоболору менен адеп-ахлакты көксөө, көкөлөтүү, орус оторчулугу алып келген тартиптерди, жер ээлеп алууну, пейилдин, адептин бузулушун сындап-айыптоо катары мүнөздөлүп, түпкүлүгүндө бул багыт зыяндуу, реакциячыл деп бааланган, аталган чыгармаларды басма сөздө жарыялоого тыюу салынган. Совет бийлигинин акыркы, «кайра куруу» деп аталган жылдарында жана эгемендүүлүк мезгилинде көркөм өнөргө карата мындай бир беткей саясий-идеологиялык мамиле четке кагылып, жогоруда саналган ырчылар менен акындардын чыглыгын калыс, так талдап-баалоого, эмгектерин толук жарыялоого шарт түзүлдү. «Замана» деген түшүнүк бир эле Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Тоголок Молдо, Жеңижок гана эмес, чыгармалары мурда жарыяланбай, унуткарылып же тыюу салынып келген ырчылар менен акындарда жыш кездешери айкын болду. «Замана» темасы Молдо Нияздын (болжол менен 1820-90), Нурмолдонун (18381920), Токтогул Сатылгановдун (1864-1933) санат ырларында да таасын чагылдырылган. Жалпысынан «3амана» агымынын пайда болушуна жана өнүгүшүнө төмөнкүлөр өбөлгө болгон: 1) бул табигый, ички көрүнүш ар бир акыл-эстүү, парасаттуу адамды өзү жашап жаткан заман, анын өткөн-кеткени, бүгүнкүсү жана эртеңи, күңгөй-тескейи жөнүндө ойлондурат. Мындай сапат айрыкча ойчул адамдарга мүнөздүү. «3амана» агымынын өкүлдөрүнүн бардыгы өзгөчө чыгармачыл кудуретке эгедер адамдар болгон; 2) ойчулдук, кыялдануу жеке адамдарга эле эмес, бүтүндөй элге, жамааттык эс-туюмга да тиешелүү болот. Айталы, ааламдын жаралышы, дүйнөнүн өзгөрүшү, бул дүйнө менен тигил дүйнө, замандын алмашышы, кечээки менен келечек, алда качанкы «кой үстүндө торгой жумурткалаган» заман, бүгүнкү «Тар заман» же келе жаткан «Акыр заман», ошондой эле боло турган «Жыргал заман» жөнүндө аңыз кептер, баяндар, көркөм кыялдар ар бир эле элде бар. Мунун улуу үлгүлөрү катары ыйык китептерди «Куран» менен «Инжилди» айтсак болот; 3) ислам дининин түрк тилдүү элдерге, анын ичинде кыргыздарга жетиши, кеңири тарашы менен «Курандагы» космол., эсхатол. жана саясий-укуктук, этикалык жоболор мусулман адамдардын аң-сезимин аныктай баштаган. Бул тууралуу орто кылымдардагы түрк жазма эстеликтери, атап айтканда, Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим», А. Йасавинин «Санаттар жыйнагы», А. Югнакинин «Акыйкат сабагы», С. Бакырганинин «Акыр заман китеби» аттуу дастандары ачык күбө боло алышат; 4) «3амана» агымынын пайда болушуна түздөнтүз түрткү берген саясий жана диний себептер да болгон. Алар Борбор Азияны орус падышачылыгынын акырындап каратып алышы менен тыгыз байланышкан. Мындай аракет алгачкылардан болуп 18-19-кылымда жашаган Букар Жырау (к. Букар ырчы), Нысанбай, Доскожо, Күдөрү, Байтөк сыяктуу көрүнүктүү акындардын нааразычылыгын туудуруп, чыгармаларына өз мөөрүн баскан. Айрыкча Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияздын чыгармаларында эки нерсени саясатты жана диний-этикалык мотивдерди ажыратып кароо керек. Биринчиден, жериңдин башка мамлекет орус империясы тарабынан басып алынышы жөнүндө. Экинчиден, баскынчылар башка диндегилер «каапырлар», «кайридиндер». Демек, жериң да, элиң да, ниет-пейилиң да эркиндиктен ажырап, көз каранды абалга өтөсүң деген идея өзөк болуп чыгат. Өткөндү, өзүнчөлүктү, нукура кыргыздык менен мусулманчылыкты көксөө күчөйт. Ошону менен бирге акырындап Арстанбектин, Молдо Кылычтын, Нурмолдонун чыгармаларында орустарга карата реалисттик мамиле (алардын оң жактарын, айрыкча аскер иши, техника, курал, чарба, билим, башкаруу жаатында алдыга кеткенин моюнга алуу, алар менен эсептешүү, керек болсо үйрөнүү) орун алат. Токтогулдун ырларында алдыга умтулуу, келечектен үмүттөнүү идеялары пайда болот. Ошентип, «3амана» агымы мурда, совет доорунда айтылып келгендей, бир өңчөй реакциячыл-диний кубулуш эмес, табияты, келип чыгышы, идеалдары боюнча татаал, карама-каршылыктуу, көп жактуу жана көп катмарлуу көрүнүш. Андыктан аны азыр жана мындан ары 19-20-кылымдагы кыргыз коомундагы философиялык агым (мезгил бул мейкиндик менен бирге жүрчү философиялык түшүнүк) катары кабыл алып, чечмелеп, баалап, мүнөздөп жүрүшүбүз зарыл. «Замана» агымынын философиясы «3амана» агымынын негизин түзгөн, анын өкүлдөрүн (Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч) бириктирген нерсе сынчыл социалдык-философиялык көз караштар. «3амана» түшүнүгү кыргыз коомунун белгилүү бир тарыхый этаптагы жалпыланган, бүтүн образын туюнтат. 19-кылым кыргыз элин коомдук өнүгүүнүн жаңы тилкесине алып чыккан. Жашоо ыңгайы, турмуш шарты олуттуу өзгөрүүгө учурап, илгертен келаткан каада-салт бузулуп, баалап-барктаган нерселердин кадыры кетип, бедели түшүп, жаңы ой-түшүнүктөр тарала баштаган. Жаңы доордун ак-карасы, жакшы-жаманы ар кандай кабыл алынган. Калыгул «Азиздер (олуялар, акылмандар) айтып кетиптир» деп баштап, жаңы доорду «акыр заманга» (кыяматка) теңеп, анын болжолун сыпаттаган. «Заман бузулганын», өкүм сүрүп келген коомдук турмуш тартиби кыйраганын белгилейт. «Акыр заман адамынын» терс кыялжоругун (адепсиз, бакыл, жакыр, алым, залым жана башка) сүрөттөйт. Болочок коомдун терс элесин боолгоп түзөт. Арстанбек да Калыгулду улап: «Карылардан көп уктук, уламадан сөз уктук» деп, жаңы доорго карата мурунтан көрөгөч ой-пикирлер айтыла жүргөнүн белгилеп, «акыр заман болгондо» кыргыз эли кыйын турмушка кабылганына бушайман болот. Жаңы коомдук «тар заман», «зар заман» катары баалап, заман куурулду, «Байыркыдан барк кетти, каадалуу нуска нарк кетти»,деп кейийт. Коом бир түзүлүштөн башка түзүлүшкө өткөндө баары өзгөрөт, кымбат санаган нерселер кыйрайт, чоочун, жат нерселер көпчүлүктү үркүтөт. «3амана» агымы доор алмашкан, коом жаңырган мезгилдин тек-жайын, маани-маңызын баалашка, түшүнүшкө умтулуудан улам калыптанган. Көбүнчө жаңы замандын өзүлөрү терс, жагымсыз деп кабыл алган жактарына басым жасалганы менен, бирок жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн дурус жактарын көрүүгө да умтулушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]