Зар-заман

Википедия дан
«Зар-Заман»‎»‎ барагынан багытталды)

Зар-заман (иранча зар-кайгы, ый) Молдо Кылычтын эң ири чыгармасы. Жазылган жылы тууралуу автор төмөнкүчө баяндайт:

Бир миң үч жүз он алты.
Мусулманча бул сана
Отуз эки жашында,
Молдо Кылыч бечара.

«Зар-заман». санат түрүндө жазылган. Кыргыз адабиятында көлөмү жагынан «Зар-заманга» теңдеш келе турган башка эч кандай санат ыр жок. «Зар-заман» сюжет жок, окуясыз, ал макал сыяктуу мааниси терең, үлгү, насыят сөздөр менен толтурулган. «Зар-заманда» пикирлерди иретке келтирип, акылга сыйыштыруу өтө кыйын. Анда, биз көнүп калган тема, глава, бөлүмдөр ж. б. учурабайт. Молдо Кылыч «Зар-заманга» башынан кирип «сайратып» жүрүп олтуруп, аягына бир чыккан. Ошондой болсо да, маанисине карай бир ыңгай байкалат.

«Зар-замандын» баш жагында негизинен коомдук турмуштун абалы баяндалат. Мында Падыша өкмөтүнүн, бий-болуштардын сурагы сүрөттөлүп, мунун натыйдасында эл арасы бузулуп, куулук-шумдук көбөйүп, бей-бечаралардын зар турмушу айтылат. Анан элге санаттарын сүйлөй баштайт. Молдо Кылыч «Зар-заманда» санаттары аркылуу коомду өзгөртүп, заманды оңдогусу келгени байкалат. Эл бийлеген «жакшыларды» адилетүү, боорукер болууга, элдин оор турмушуна каралашууга чакырат. Карапайым элге тиричилик санаттарды айтат: өз мээнетиңер менен күн көргүлө, бириңерге-бириң кайрымдуу болгула ж. б. «Зар-замандын» орто бөлүмүндө пайгамбарлардын тарыхы жөнүндө айтылат. Бул жерде өмүр менен өлүм маселелери козголуп, бул дүйнөдөн жөнөкөй пенделер эмес, кереметтүү пайгамбарлар да өтөп кеткен делет. Ошондуктан, бириңерге-бириң жамандык кылып, курулай күнөөнү көтөрө бербегиле, азыноолак өмүрдө саламдашып өткүлө деген пикирди айтат. Молдо Кылыч өлүмдү эскертип, дагы эле болсо, ал аркылуу коомдук турмушту оңдогусу келген.

«Зар-замандын» мазмуну жагынан кыргыз коомчулугундагы саясий жана философиялык ойдун өнүгүш деңгээлин жана багытын көрөбүз. «Зар-заман». чыгармасынын аягы төмөнкү ойлор менен бүтөт:

Айта берет «зар-заман»
Айып дебе шайырды
Орустун кана жазыгы?
Малайга берет акыны,
Падышалуу чиркиндин
Мыйзамга туура жатыгы.
Каратса да жериңди,
Арзан кылды эгинди,
Сураса кыргыз орусту,
Тердирет эле коңузду.
Акы бербей аларга,
Салат эле жумушка.
Кылба журтум убайым,
Орусту берген кудайым,
Мусулманга карата,
Деп тилеймин, сураймын.
Мусулмандан кан болсо,
Курутпайбы жудайын?

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Зар заман (Викибулакта)
  • Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6
  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8