«Илим»

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«Илим» -КР УИАнын илимий китеп чыгаруучу басмасы.

1955-жылы уюштурулган. Ошол эле жылдары ал жалпы көлөмү 201 басма табакты түзгөн 36 ар кандай аталыштагы китеп, китепче, монография, жыйнак басып чыгарган. 1964-жылдан «Илим» деген аталышта. Басмадан жарыялануучу адабияттын тематикалык пландары жылдан-жылга кеңейип отуруп, 1975-жылы андан коомдук жаш табият таануу илимдери боюнча жалпы нускасы 52 мин 82 аталыштагы китеп жарык көргөн. «Илимде» 3 тармактык: коомдук илимдер; химия технология жана биология; физика, техника жана математика редакциялары иштейт. Анын пол игр. базасы менен басмасы заманбап рынок шартында улам жакшыртылып, соңку жылдарда жаңы жабдуулар менен жабдылып, сырттан түшкөн түрдүү адабият, заказдарды да басып чыгарууда.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4