«Кожожаш»

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«Кожожаш» — кыргыздын эң байыркы эл дастандарынын бири. Дастан өзүнүн калыптанып, пайда болгон мезгили жагынан архаикалык мүнөзгө ээ. Дастанда кыргыздардын байыркы доордогу тотемистик, анимистик ишенимдери кенен чагылдырылган. Мындан сырткары, дастанда байыркы кыргыздардын чарбалык укладдары, жашоо образы, диний-философиялык ишенимдери даана көрсөтүлгөн. Байыркы кыргыз коомунда, табийгаттын татаал шарттарында аңчылык да кыргыздардын чарбалык кесипчилигинин бир түрү болгондугун байкоого болот. Мында адам баласы менен табийгаттын катаал кубулуштарынын ортосундагы өз ара алакалар, байланыштар чагылдырылган. Айрым изилдөөчүлөр дастанды баатырдык эпос катары атап жүрүшсө, кээ бир окумуштуулар ага социалдык-турмуштук багыттагы эл чыгармасы катары аныктама ыйгарып келишет. Кыргыздын кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегишип, Сур эчкинин каргышына калып адам жеткис аскада жалгыз калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжетинин негизин түзөт. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң сезимдүү байланыш, адам баласынын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган алаканын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштук өсүшү логикасына карата ылайык берилгендигин көрүүгө болот. «Кожожаш» эпосу кыргыздардын байыркы доордогу турмуш-шартын, чарбачылыгын, каада-салтын, диний ишенимдерин жана башка изилдөө боюнча маанилүү булак болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]