«Кыргызстан» санатории

Википедия дан

«Кыргызстан» санатории — деңиз деңгээлинен 1450 м бийиктиктеги тоо климаттык, кардиологиялык санаторий. Ала-Арча өрөөнүндө Бишкектен 26 км түштүктө жайгашкан. Климаты мелүүн, июль айынын орточо температурасы +20°C, кышы жумшак, январь айынын орточо температурасы —4°C, күн нуруну тийиши жылына орто эсеп менен 2600 с. Абанын нымдулуугу 60%тей. Дарылоодо аба ваннасын, күндүн, өзгөчө ультра кызгылт-көк нурун, абадагы иондорду, аэрозолду кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле өлчөмдүү кыймыл терапиясы жүрөк-кан тамыр ооруларында жүрөк жана дене булчуңдарынын иштешин күчөтөт, кандын жылышын, дем алуу органдарынын иштешин чыңайт. Бул санаторийде жүрөк инфарктын реабилитациядан өткөрүүчү атайын бөлүм иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]