«Кыргызча-орусча сөздүк»

Википедия дан

«Кыргызча-орусча сөздүк» — кыргыз лексикасын дээрлик толук камтыган фундаменталдуу лексикографиялык эмгек. Автору — академик К. К. Юдахин. Эки ирет (1940, 1965) басылган. Автор аны 1920-жылдардан тартып кыргыз оозеки тилинен, адабий көркөм ж. б. чыгармалардан алып жыйнаган. Сөздүктүн биринчи басылышында 25 миң, экинчисинде 40 миңдей сөз камтылган. Экинчи басылышында тарыхый сөздөр, архаизмдер жана диалектилик, кесиптик лексикага тиешелүү, көп маанилүү сөздөрдүн семантикасы бир кыйла толук тандалган; сөздөрдүн көбү фразеологизмдер, макал-ылакаптар, кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, каада-салтына байланыштуу маалыматтар, тиешелүү баяндамалар менен иллюстрацияланган. Сөздүктүн биринчи басылышы эки том болуп түрк тилине которулган (Анкара, 1945; Стамбул, 1948). Авторго бул сөздүгү (2-басылышы) үчүн 1967-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]