«Кыргызшампаны»

Википедия дан

«Кыргызшампаны», Шампан-шарап комбинаты — жоопкерчилиги чектелген коом (2007), ишкана. 1948-жылы негизделген. Совет мезгилинде 6 аталыштагы шампан, 30 аталыштагы жүзүм шарабы, коньяк спирти, мөмө-жемиш жана жүзүм шарап материалдары чыгарылган. 1970-жылдан ачыткыч акратофордо даярдоо ыкмасы менен даярдалган. 1980-жылдары жылына орто эсеп менен 6 млн бөтөлкө «Советское шампанское» өндүрүлгөн, ал эми 1992-жылдан 5 млн, 2004-жылдан 197 710 бөтөлкө чыгарылган. Шампан жана жүзүм шараптары СССРдин Бүткүл союздук эл чарба көргөзмөсүнүн жана эл аралык конкурстардын 51 алтын, күмүш жана коло медалдарына татыктуу болгон, анын ичинде «Советское шампанское» (Будапешт, 1958), «Мускат фиолетовый» (Будапешт, 1960; София, 1966), «Киргизстан» (Ялта», 1970) продукцияларына алтын медаль ыйгарылган. 2007-жылы «Шампаншарапкомбинаты» жана «Кантвино» комбинаттары биригип, «Шампаншарапкомбинаты» Бишкек шаарынын борборунан Новопокровка кыштагына, шарап заводунун аймагына көчүрүлгөн. Компаниянын өндүрүшү реконструкцияланып жана модернизацияланып, анда алдынкы техника менен жабдылган цехтер курулууда. Комбинат өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана жаңы багыттарды өздөштүрүү, региондук рыноктордо өңүтүн чыңдоо, ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]