«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»

Википедия дан

«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» — азыркы кыргыз тилиндеги сөздөрдү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан жана кыргыз лексикасындагы сөздөрдү камтыган сөздүк. «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» коллективдүү эмгек катары 1-жолу латын тамгасында (5 миң сөздөн турган) 1938-жылы басылып чыккан. 1942-жылы орус графикасына өткөндүгүнө байланыштуу 7 миң сөздү камтыган 2-басылышы жарык көргөн (түзүүчү М. И. Богданова). 1956-жылы Х. Карасаев, Ю. Яншансин тарабынан кайрадан иштелип чыккан жана ал сөздүктөгү сөздөрдүн саны 11 миңге жеткен. 1966-жылы Х. Карасаев 60 миң сөздү камтыган орфографиялык сөздүктү түзүүнү ишке ашырган жана 1983-жылы ал кайрадан (С. Давлетов, Р. Бекжанованын редакциясында) басылган. Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги талаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому менен атайы бекитилген. Мына ушул эреженин негизинде Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн» (1983) негиз кылып алуу менен 80 миң сөздү камтыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Ибраимов, А. Ибраимов, Т. Мамбетжунушов, Ж. Мамытов, Т. Маразыков тарабынан азыркы кыргыз тилинин лексикасы мүмкүн болушунча толук эске алынуу менен толукталып, кошумчаланып, 2009-жылы кайрадан Х. Карасаевдин авторлугунда, С. Төлөгөнова менен Ж. Медералиеванын редакторлугунда басылып чыкты. Мурда кирбей калган сөздөр, сөз формалары, адабий тилибиздин лексикасын байытууга өбөлгө түзө алат деген диалектилик сөздөр менен диалектизмдер, жалпы элдик тилдин негизинде адабий тилдин лексикасына кабыл алынган туруктуу сөз айкаштары — фразеологизмдер (эркин сөз айкаштарынан башкасы), азыркы учурда илим-билим, техника, экономика, искусство, маданият тармактары боюнча кеңири тараган жана түрдүү кесипчиликте колдонулган терминдер камтылды. Негизги «алфавит, графика, орфография» деген түшүнүктөргө басым коюлуу менен, негизинен дүйнөлүк орфографияда орун алган 4 принцип (фонетикалык, морфологиялык, салттык, дифференциация) сакталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий-администрациялык бөлүнүшү, Кыргыз Өкмөтүнүн структурасына кирген мекемелердин аталыштары, дүйнөдөгү мамлекеттердин жана ээликтердин, алардын борбор шаарларынын, акча бирдиктеринин аталыштары менен толукталды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]