«Көкөтөйдүн ашы»

Википедия дан

«Көкөтөйдүн ашы»«Манас» эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-ж. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр. Ч. Валиханов жаздырып алган бул эпизод «Манас» эпосунун бардык варианттарында учурайт. «К. а-нда» канондук сюжет негизинен толук сакталган. Өзгөчөлүктөрүнөн маселен, айрым варианттарда Көкөтөй кандын ашы Каркыра жайлоосунда өтсө, Валиханов жазып алган эпизоддо Алтайдагы Түпкү кандын жергесинде өтөт. Бул материалдардын түп нускасы СССР Илимдер акдемиясынын Чыгыш таануу институтунун архивинде сакталып турат. Анын Ч. Валиханов тарабынан орус тилине которулган бөлүгүнүн түп нускасы («Смерть Кукотай хана и его поминки», алгачкы сабы 913) СССРдин Борб. адабий архивинин фондусунда сакталып турат. Котормо биринчи жолу академик Н. И. Веселовский тарабынан Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагына жарыяланган. Кийин Ч. Валихановдун тандалмалар жыйнагына киргизилип, беш томдугунда да басылып чыккан. Казак ССР Илимдер акдемиясынын академиги А. Маргулан бул эпизоддун факсимилесин жарыялаган. Кийин казак тилинде которулуп да чыккан. Кыргызчадан казак тилине которгон А. Маргулан, текстологиялык тейлөөдөн өткөргөн М. Магауин. 1977-ж. Англиядагы Оксфорд университетинин профессору А. Т. Хатто ушул эле эпизодду латын алфавити менен транскрипциялап англис тилине кара сөз менен которуп, бир топ комментарий жана тиркемелер менен жабдып жарыялаган. «Кокотойдун ашын» кыргыз тилинин азыркы алфавитине салынып транскрипцияланып жарык көрүшү К. Ботояров, Ш. Ибраевдер тарабынан ишке ашырыл

Ч. Валиханов алган бул вариантта Көкөтөйдүн баркы, даңкы бийик, батылы жогору турган кан экендиги айтылат. Ногой журттун башы болгон Көкөтөй кан ажал тооруп турганда элин чакыртып алдынан өтмөй болот. Сары ногойдун баласы Жайма көкүл Жаш Айдарды алдыртып, Мааникерге мингизип, Көкөтөй абалы жаман деп, түн түшкөн калың Ногойго, Байдын уулу Баймырзага айт, мен керээзимди айтамын деп тапшырат. Бул кабарды уккан көп Ногой чогулуп Көкөтөйдүн боз ордого дүңгүрөп түшүп калат. Келген элге Көкөтөй керээз сөзүн айтат. Менин көзүм өткөндө кылыч менен кырдыргын, кымыз менен жуудургун, журтум, Чарайна менен чаптатып, булгаары менен каптатып, ак казаным жаздантып, кыбыланы баштантып жаткыргыла, журтум. Кызыл макмал бүктөтүп, кызыл нарга жүктөтүп, кара макмал бүктөтүп, кара нарга жүктөтүп, алтымыш бир ногой кырк кербен менен алып барып койгула. Кербен башы Кара сартка сексен эркеч майына кыш бышыртып, астыңкы жолдун үстүнө, үстүңкү жолдун астына айга баккан Ак сарай, Ак сарайга койгула. Бейитимдин башына тайдан, төөдөн, кунандан байге сайып, ат чаптырып, кызматыңарды кылгыла дейт да, мындан бөлөк кебим жок деп токтолот. Эл-журтунун эсен-амандыгын тилеп ак батасын берет. Анан Байдын уулу Баймырзага кайрылып: тели куш таптап куш салдым, тентиген жыйып эл кылдым, кулаалы таптап куш салдым, курама жыйып эл кылдым эле, менин көзүм өткөн соң курама элди таратпай жөөсүнө чобур кармап берип, чапан жаап, бир эл кылып ала көр. Таап алган жалгыз балам Бокмурунду арам сийдик жетим дедирбей үч жыл чыдап бакканда бой жетип эр болор, ошондо калы килем үстүнө салып менин ордума кан көтөрүп алгыла.

Кырк ашымды берерде кытайлардын кыр мурундуу Коңурбай өзүнүн аты Үңүрбай ошого кабар берип, кырк ашымдан кутулгун. Улуу ашымды берерде, Жакыптын уулу жаш Манас, жаңы оозго алынган, кабагы бийик, өңү саз, эңгечер бойлуу эр Манаска барып акыл салып, мусулман менен каапырды чогултуп, менин бир карызымдан кутулуп кала көр. Муну айтып Көкөтөй көзү сүзүлүп, кыямат көздөй жол тартат. Эл Көкөтөйдү жоктоп, айткан керээзи боюнча кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруп, Ак сарайлап коёт.

Ала шалбырт жаз менен кунан чабат. Чабышта Айдаркандын Көкчөсүнүн Көгаласы чыгат. Байгесине алты тогуз мал, ботолуу төө нары менен, балалуу ногой күңү менен, манаттап жапкан үй алат. Баймырза эли менен Чыбыратчыны жайлап, Көкөтөй айткандай элди багып, Мааникерди байлап жатып калды. Күндөр өтүп, калың көп ногой Кытайдын кыр мурундуу Коңурбайдын айылына түп көтөрө көчүп барды. Ала баш жорго, чубар ат айдап тартуу кылып, кырк ашынын карызынан кутулду.

Жер ортосу Боз-Дөбөгө калың ногой жыйын кылат. Карды салык бийлери менен чоң курсак байлары өзүнчө кеңеш салат. Бул кеңеште Байдын уулу Баймырза аларга кошулбайт.

Бир күнү Бокмурун Мааникер менен Баймырза баатырга келип, мындай дейт: Сен күндө жыйын кыласың, эмне кеңешиң бар. Мен сенин тилиң албаймын, акемдин ашын сага бийлетпей, өзүм башкарам. Мен Анжыянга көчпөймүн, Самаркандын сарт Манаска өзүң көчүп бар, мен ага барбаймын. Болбосо, көп ногой журтун көчүрүп, өзөн сууну бакалап, ботонун сазын бойлоп, жаткан казандай кара бөркү бар каапырдын каны Эр Жолойго барып, жан туугандай болуп жанаша кономун. Ала баш жорго, чубар ат Жолойго тартуулап, анын көз отогот ташын сайынып, төрө боломун. Ак боз атым такалап, күндөп-түндөп көчөмүн. Алты күнү ат сергитип, токсон атан комдотуп, күрүч арттырып, токсон жорго катарлап Түпкү канга киремин. Ошондо төтөгөлүү боз үй тиктирип, мусулман менен каапырдын баарын чогултуп, Көкөтөй ашын беремин. Ошентип, калың ногой калы килем салып, Бокмурунду олтургузуп кан көтөргөн дейт.

Бокмурун жер кыдырып, эл чакырып алпка барар киши барбы деп, сурамжылап жүрүп, Жайма көкүл Жаш Айдарга келет. Көкөтөйдүн көп малын союп, ашын беремин, эл чакырып, алп чакырып кел деп сага келдим дегенде, Жайма көкүл Жаш Айдар: Сенин алпыңа да, атыңа да чакырыкка барбаймын, алпыңан өлүп калбаймын. Аралаш айыл конуп, чогуу жүргөнгө кулсунуп калган экенсиң. Айдын бурчу алты сан, алты айланып келгиче, алтымышта атакем, алдан тайып калбайбы. Жердин бурчу жети сан, аны айланып келгиче, жетимиште энекем жерден тайып калбайбы, барбаймын дейт. Бокмурун: Жайма көкүл жаш Айдар, сен алпка да, атка да барбасаң, өзүм барамын. Мен келгенче аштын, байгенин камылгасын көрүп тур. Келгенден кийин баш байгеге сени саям, аяк байгесине ата-энеңди коём дегенде Жаш Айдар чоочуп, эркелетип сөз айтсам арданып кеттиң, Бокмурун, төрөм, ат-тон бер, атыңды минип, тонуңду кийип анан жолго салайын дейт. Анда Бокмурун: Алтымыш атым аргымак токсон атым тобурчак суйгөгүңдү тандап мин дейт. Ала тайыңды минип, алптан өлүп калгыча, сенден өлгөнүм жакшы. Берсең астыңдагы Мааникерди минейин, үстүңдөгү аккүбө тонун кийейин, анан алпка барайын деген Жаш Айдарга Бокмурун Мааникерди берип, ак күбөнү кийгизип, Мааникердин сырын айтат. Андан кийин ашка кимдер чакырыларын айтат. Уй түгүндөй каапырдын арасында турабыз, жакын жер буларды чакырып аларбыз. Улуу-Тоону жайлаган, бекип калган Бээжиндин жүзүн ачкан, туруп калган Турпандын жолун ачкан, байланып калган базардын багын ачкан, Жаангир кожонун уулу Билерикти бошотуп алган эл агасы эр Кошойго барып айт. Өзү келсин кашыма, аты келсин ашыма деп опуза кеп айтат. Андан ары Кичи-Тоону жайлаган Кыйды кара күлүк байлаган, жаактууга жай бербеген, Актар Таздын баласы, аты Мөңкө төрөсү, эр Үрбүгө барып, аны да коркута айт. Андан өтүп барганыңда Камбардын уулу Айдаркан, Айдаркандын баласы эр Көкчөгө барып Көгаласын ашка алып келип чапсын де. Андан ары сен өтүп Агыш менен Кожошко, Алике менен Бообекке, Бекиш менен Чекишке, Алтынкүлүк менен Керкүлүк, Сайкал менен Болотко, Чоюн кулак Чоюн алпка, дүмүр кулак Дүмүр алпка, Оргу кула бээси бар Ороңгу аттуу катынга, ошолордун баарына айт. Баары бирдей келишсин аш кызыгын көрүшсүн, эгер ашка келбесе айчыгы алтын кызыл туу ордосун көрүшсүн. Андан өтүп сен барсаң Эчкинин уулу Эдиге Тарланбоз атын алып келсин менин кашыма, аты келсин ашыма. Жети-Сууну жердеген Жедигер уулу эр Багыш Суркунандай күлүгүн алып келип чапсын де, чыкса байге алсын де. Андан ары сен барсаң Тоокара күлүк ат минген эр Карач келсин кашыма, күлүгүн чапсын ашыма. Темир өзөк, таш жүрөк Жанаалыга айта көр. Уртору атын алсын де, байгеге кошуп салсын де чыкса байге алсын, чыкпаса таң-тамаша көрсүн де. Мындан өтүп барганда топ олуянын батасынан жаралган, тогуз уулдун кенжеси эр Төштүк Чалкуйрук менен келсин де, күлүккө атын чапсын де, өзү ашымды билип берсин де, мүчөсүн артык жесин де. Андан узап жөнөсөң эки тоонун ортосун жайлаган Осурак чалдын балдары Акбай, Мамбет, Көккоён Аккоёндой күлүгүн алып келип чапсын де. Булардан өтүп сен барсаң Боён кан, Боён кандан Чаян кан, Чаян кандан Кара кан, Кара кандан Жакып кан, Жакып кан уулу Манас кан сен ошого бара көр, барып кабар айта көр. Аккуладай күлүгүн алып келип чапсын де. ашымды башкарып берсин деп айт. Андан ары сен барсаң саймалуу саадак байланган, Самаркан тоосун айланган, аса таяк колунда улуу жолдун боюнда Айкожого барып айт. Айбанбоздой күлүгүн алып келип чапсын де, ак батасын берсин де. Алакандай ак кагазга кат чийдирип ала кел, жерди жети айланып, алптардын баарына айтып, Желпиништен кайтып кел дейт да байгенин жайын айтат. Баш байгеси тогуз торко тон, токсон калча кул, сан саанчы күң, сан сарыча төө, сан сары башыл бээ, аяк байгеси алабаш жорго ат, алтымыш атка мингизип, алтымыш калча кул, ботолуу төө нар, балалуу ногой күң, манаттан жапкан үй экенин билдирет.

Жаш Айдар Улуу Тоону жайлаган эр Кошойго жетип келди. Жаш Айдар менен эр Кошой амандык сурашып болгон соң Кошой жаш Айдардын ат арытып келген себебин сурады. Анда Жаш Айдар Кошойго Көкөтөй кандын ашына чакырып келгенин, ата уулуна арнап бериле турган мүчө, сайып койгон байге бар экенин айтып, Көкөтөйдүн азасына кырк нарга казына жүктөп, кырк байтал айдап, антын актап келбесе, Көкөтөйдүн айчыгы алтын кызыл туусун ордоңон көрсүн деп, Жаш Айдар андан ары кетти. Эр Көкчөгө жетип, Кошойго айткан сөзүн ага да айтып, аны да опузалап, андан ары өтүп Жакып кандын Манаска жетип барса, Манас кырк чорого он эки таман ордо салдырып, оюн куруп чардап жаткан экен. Салам айтып Манастын үстүнө атчан кирип барган Жаш Айдар: Көк дөнөндүн башы бар, Көкөтөй кандын ашы бар, Чаба турган аты бар, Тарта турган эти бар, ата-атанын уулуна бере турган мүчө бар, ашымды бийлеп берсин деп, эр Кошойго айткан сөздү эми Манаска да айтып салды. Манас Кыргыл чал баш болгон кырк чоросуна кайрылып, атын союп, өзүнүн башын алып салгыла деп буйрук бергенде, кырк чоро Жаш Айдарды аттан оодара тартып, башын алмак болгондо Жаш Айдар ыйлап туруп: баатыр төрөм падышам, жалгыз элем уядан, менин жанымды кыя көрбө деп Манастан кечирим суранат. Манас башын көтөрүп, кылагар көзүн кылайтып, кыл мурутун шыйпайтып, кечээ Ороздун он уулу олжого зордук кылганда жалгыздык баштан өттү эле деп өлтүртпөй бошотуп жиберет. Жаш Айдар Манаска жалынат: айланайын атыңдан, эч кетпейин кашыңдан, көчкөндө коюң айдайын, отуң менен кирейин, күлүң менен чыгайын, нөөкөрүң болоюн, ат токуучуң болоюн. Муну уккан Манас бул кулдун айтып турган сөзүн көр деп, аш берүүнү өзүнө кеңешпегенге ачуусу келет. Кырк чорого Калкамандын Кара атын Элемандын эки атын элинен кармап келгиле. Ак чатырды бүктөгүлө, Аксаргылга жүктөгүлө, Көк чатырды бүктөгүлө, Көксаргылга жүктөгүлө. Тулпарга кошту тартыңар, Бокмурун көздөй жортуңар. Мен Бокмурунга бирди кылбасам Манас атым өчсүн дейт. Ошондо Жаш Айдар: баатыр төрөм, бадышам, айдын бурчун алты айланып, жердин бурчун жети айланып келгиче алда нечен жыл өтөр. Мени коё берсеңчи, байгени айтып берейин. Чабылуучу аттын баш байгеси тогуз торко тон, токсон калча кул, сан саанчы күң, сан сарыча төө, сары баш бээ саят. Ортосун айтпаганда эле аяк байгесине алабаш жорго ат, алтымыш атка мингизип, алтымыш калча кул, ботолуу төө нар, балалуу ногой күң, манаттан жапкан үй саят. Манас Жаш Айдарды бошотту. Мааникерге минип Жаш Айдар Айкожо жакка кетет.

Жаш Айдар кеткенден кийин Манас кырк чоросуна мындай дейт, баарыңар бирдей опокшош кырк кара боз мингиле, кырк кара көк кийгиле, ок-дарыңды камданып, жарак-жабдыкты шайланып, түз атар менен бат аттарды алып, тезинен атка мингиле, Аккулага жибектен чылбыр тактырып, манаттан жабуу жаптырып, жетелеп алып жүргүлө. Ошентип, Манас аттанып жолго чыгышат. Аттанып кеткен Жаш Айдар Айбанбозун асасына байлап коюп, намаз окуп отурган Айкожого жете келет. Салам берип Жаш Айдардын айтып турганы: Көк дөнөндүн башы бар, Көкөтөй кандын ашы бар, ата-атанын уулуна бере турган мүчө бар. Кожом, сага Бокмурундан салам бар. Ашымды бийлеп, баптап ак батасын берсин дейт. Алакандай кат жазып Мааникерге таксын дейт. Ошондо ыкыласын коюп Айкожо оң батасын бериптир. Ала шалбырт жаз менен кабар жеткен дүйүм алптын баарысы келип болуп, уй түгүндөй каапырлар жана мусулман да жыйылып бүтөт. Бокмурун Манас эмне келбейт деп тынчы кетип, төмөн карап, Ачуусу менен менин баламды ыйлатканы, байталымды туйлатканы келеби. Алдына тартуу алып чыгайын Бокмурун тогуз жоргого, тогуз жамбыны байлатып, сурнай баштуу Суржоргону, кекилик баштуу Кержоргону алып, Манастын астынан чыгат. Кырк кара боз минген, кырк кара көк кийген көк коёнго окшошуп, кырк чорону ээрчитип, ач бүркүттөй шаңкылдап Манас келип калат. Манас ачууланып, Бокмурунга сага бирди кылбасам, каныңды суудай чачпасам, сен билер сөз беле, же Байдын уулу Баймырза билер кеп беле деп күпүлдөйт. Анда Бокмурун алуучу болсоң жан, төгүүчү болсоң кан, кесүүчү болсоң баш мына, төрөм дейт. Манас: сенин арка кулагыңды жулуп, элиңди аралата чаап, түбүңө биротоло жетейин дейт. Бокмурун: Баатыр Манас бадышам, терең элең өткөрчү, теңиз элең кечирчи деп, алдына тогуз жоргону катарлап тартуулаганда, ботөнчө тогуз жамбыны көрүп, Манас мусулман менен каапырдын ортосуна келгенде тартуу алдым деп, бир компоюп калган экен. Ошондо «жаба», «жаба», «мөндү» деп калмактар кемеге башынан эттин бышканын бышылай, чийкисин чийкилей ала качып, талоон салып жүргөнүн көргөн Манас калмактардын бул кылыгына чындап ачуусу келип, колуна асый аттын терисин өрүм кылган, кунан өгүз терисин өзөк кылган, тел музоонун терисин бүлдүргү кылган, булдурсунун алып, «жаба» деген калмактын жаагын айра чаап, «мөндү» деген калмактын башын тиле чаап, кемеге башынан алыс айдап салат. Мусулман эли эс алып, Манаска алкыш бата беришет.

Капырдын каны Нескара мусулмандын алпы кандай, аты кандай экен билмек болуп, Кошойго келип салам берет да ашка келген кыргыз алптарын сурай баштайт. Эл агасы эр Кошой, тиги ай кулагы калкандай, алайган көзү чолпондой, мурду тоонун сеңирдей, муруту чөлдүн камыштай болгон кишиң ким эле десе, эр Кошой Нескараны кекээрлеп: атаңдын көрү ит бүрүк, сен аны кандай билбедиң. Кече он экисинде ок аткан, он үчүнө жеткенде ордо бузуп, үй чапкан Жакыптын уулу кан Манасты кантип билбей калдың, бүрүк ай дейт. Ошентип, Нескара кыргыздардын баатырлары эр Төштүктү, Эдигени, Үрбүнү, эр Карачты дагы башкаларды бүтүндөй ылгап, сындап чыгат. Анан Нескара аттардын баарын санап сындап өткөрөт да аттардын ичинен Аккулага айла жок экен, биринчи байге Аккуланыкы болот, бирок байгени Жолой тартып алат, дейт: Анан дагы Нескара: Мааникерди жактырып, Эсенканга тартууга бергин дегенде каапырдын каны Нескара, мен Манаска барып кеңешип, анан жообун берейин. Манас бер десе Мааникерди өзүм алып келип берейин. Мен билбеймин бул атты. Манас атты бербесе мен сени экинчи көрбөйүн, бүрүк дейт. Кошой Манаска келип Нескара оңчу жан эмес, Мааникердей күлүктү Эсен кан минер ат деди, Мааникерди эр Жолойго тартсаңчы, ага кеңеш салып ашты өткөрүүгө андан жооп алсаңчы дегенде Манас Кошойго айтат: эмнеге мынча пас болуп, коркок билиш болосуң. Капырың бокту жебесин дейт да Аксаргыл атты токутуп минип, уй түгүндөй каапырды аралап кирип барат. Ат сураткан каапырлар Манасты көргөндө Мааникерден түңүлүп, чөгөлөп, маңдайын жерге тийгизип, кол куушуруп, кайтарып сөз айтпай, бул ашты өзүң билсеңчи, аттарды айдоого салып ийсеңчи, эки тизгин, бир чылбыр, өз колуңа алсаңчы. Таң-тамаша оюнду өзүң баштап берсеңчи деп Манастын алдында бүжүрөп туруп беришти. Каары кармаган Манас: сага кеңешти ким койду да сага сөздү ким берди деп, алдында турган калмакты булдурсун менен бир салганда ал элди айлана качат. Ошентип, Көкөтөйдүн ашына келген бардык журт аштын бийлигин Манаска беришет.

Манас Кошойго кайрылып кеңеш салып аттарды ары барганы алты ай, бери келгени алты ай, чабыла турган аттарды он эки айда көрөлү. Ошон үчүн ат чабуучу балдардын канжыгасына түгөнгүс гүл азык байлайлы. Аттар келгиче таң-тамаша куралык деп, Манас аттарды айдоо камын көрө баштайт. Эки жактан айчылар чыгып ат эсебин алганда эки миң сексен ат болот. Мааникерге минип, ат айдоого кошулуп, жөнөгөн Жаш Айдарга Бокмурун астындагы Мааникер алты айчылык жол басса ал табына келчү эле, жети айчылык жол жүрсө, жол табына келчү эле. Кечээ Самаркан барып чапканда Сары кандын ашында сан жылкыдан чыкты эле. Жетип кайра тартканда Мааникердин оозун коё бербей тартып кел. Оозун коё берсең өзгө аттардан ашып, марага үч күн мурда келип, өз байгесин өзү алды деген домок сөзгө калабыз деп Жаш Айдарды аттарга кошуп жиберди.

Эртесинде болгондо Бокмурун Көкөтөйдүн сан жылкысынан токсон торала айгырды үйрү менен айдатып келип, күрөшөөргө эки балбан чыксын, жыкканы бул жылкыны алсын деп, жар салды. Көп жылкыны көргөн каапырдын каны эр Жолой, бул малдын бирин койбой аламын, чыккан балбанын соёмун деп, тоодой тоңкоюп, ортого чыгып келди. Жолойду көрүп Кошойдун эси чыгып, калдаңдап калыптыр. Кимиңер чыгасың бул каапырга деп, ага да барыптыр, буга да барыптыр. Баатыр Манас сен кандайсың, балбанга, күрөшүп намыс алганга дегенде, Манас мындай дейт: оо, эл агасы эр Кошой Аккуланын үстүндө Акдөө келсе аңтарам, Көкдөө келсе көңтөрөм. Мен жөөгө турбас ит элем, жолой албайм Жолойго, байгени алсаң менден ал дегенде Кошой айласы кетип, Төштүккө, Көкчөгө, Жаанбайга, Багышка барат, Акбай, Мамбеттер качып макул болушпайт. Айласы кетип акыры Көккоёнго келгенде, Көккоён макул болуп, өлсөм өлүп калайын, өлбөсөм намыс алайын аке дегенде, Кошой Көккоёнду алптарга көрсөтпөй жашырып балбанга салмак болот. Аны байкап калган Манас Кошойго ачууланып, бала бөөдө өлүмгө учурайт да ошондо намысыбыз колдон тайбайбы дейт. Эмдиги намыс сеники, Жолой менен кармашып өлсөң өлөрсүң, өлбөсөң, намыс аларсың деп Манас Кошойго катуу айтат. Ошондо жаш күнүн эстеп, же жыйырма бешим, же отуз бешим, же кырк бешим, же элүү бешим, же алтымыш бешим, же жетимиш бешим, же сексен бешим эле болсочу деп токсон бештеги Кошой арман кылат. Күрөшкө түшмөк болгон Кошойго Айдаркандын Көкчөсү басып келип, сенин шымың окура баскан буралуу марал териси, баатыр. Каапырдын каны эр Жолой алаңа колун салбайбы, багалектен албайбы да шымыңды айрып салбайбы. Аброюң ачылып, ошондо намысың колдон тайбайбы. Алты жылы мал-малга салып, Каныкей тиштеп тиккен тоо текенин терисинен жасалган Манастын шымын сурап кийсеңчи дегенде Манас шымын кармата берет. Куп жарашкан шымды кийип тайлак төөдөй талтаңдап Кошой Жолойго басып барат. Атан төөдөй алчаңдап тура калган Жолой Кошойдун жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн коркута сүйлөйт: оо, ат башындай жүрөгүң, мага айбыкпай кантип келдиң сен. Кой башындай жүрөгүң, коркпой кантип келдиң, сен. Саныңдан алып ыргытып, Самаркан көздөй урбасам, бутуңдан алып ыргытып, Букара көздөй урбасам, сени бир бөөдө өлүм кыла албасам Жолой атым курусун. Анда Кошой муну айтат. Атаңдын көрү ит бүрүк, сен күчүңө саларсың, мен кудайга салайын деп кармаша кетишти. Буурадай болуп булкушуп, булчуң эттен жулкушуп, тай букадай сүрүштү. Күнү-түнү тынбастан кырк беш күн кармашты. Жанына жетип келип Манас, абаке Кошой, акылыңдан тандыңбы, же эрмек кылып, таң-тамаша сүрүп жүрдүңбү дейт. Анда Кошой Манаска карап колун шилтеп ары бас эле Манас, ары бас. Бул каапырдын кара күчү мол экен. Бу соргоктун ич мыкысын билим алдым. Мунун бир күндө жеген ашы тогуз бука, тогуз кочкор, тогуз буура, тогуз айгыр эти экен. Бир күндөгү ичкени токсон саба кымыз экен. Даам сыздырбай бу соргокту эрмек кылып жүрөмүн. Эртең таламандын тал түштө талпагын ташка жаямын дейт, Кошой. Эртесинде Жолой Кошойду жата калып ыргытам деп, өзү чалкасынан түшкөндө Кошой көөдөнүнө минет да, башынан аттап кетет. Карыганда кан бабабыз намыс алып берди дешип, дүйүм алптын баарысы атынан түшө калып, калы килемге салып көтөрүп кетишет. Каныбыздын башынан аттап кеткени эмнеси дешип, калмактар жабыла атка минип мусулман калкын каапырлар Самаркандын көк ташын көздөй сүрүп барат. Каптап келген калмакты көрүп ачуусу келген Манас Акбулчуң күлүккө ыргып минип, калмакты кайра жапырат. Муну көргөн Бокмурун туурасынан чыгып, ашты берген киши күнөөкөр, журтка бүлүк салбачы деп Манасты коштоп алып кетет. Жыгылган жеринде турбай жаткан Жолойго Бокмурун тогуз жорго тартуу кылат. Жыгылганына карабай тартуу алдым деп бир компоюм калган Жолойду солондор атка мингизип алып кеткен соң Бокмурун мусулман менен каапырдын ортосуна дагы тогуз жорго алып чыгып, эр сайышты баштамак болот. Тула боюн топчулап, тултуйган кызыл бетин үчүлөп каапырдын каны Жамгырчы карагай найза колго алып, жер ортосу Боз-Дөбөгө чыгып келет. Муну көргөн эр Кошой Манасты сайышка чыксын деп чакырат. Манас Алмамбеттин Сараласын, андан соң Көкчөнүн Көгаласын минип сындан өткөрүп, Көгаланы жаратып жоо кийими ак олпокту кийинип, карагай найза алып Боз-Дөбөгө жетип келет. Жамгырчы менен Манас беттешип, Манас аны аттан ыргыта саят да, атын кармап алат. Сайыш деген бар эле, ат алат деген эмине деп каапырлар дагы «мөндүлөшүп» каптап, мусулманды Самаркандын көк ташын көздөй айдап кирет. Ачуусу келген Манас калмакты кайра жапырып киргенде, Бокмурун дагы келип, Манастын ачуусун басат. Жыгылган жеринде турбай жаткан Жамгырчыга тогуз жорго кыналап Бокмурун тартуу бергенде тартуу алдым деп Жамгырчы да бир компоюп калат.

Эртеси шурудан буйла тактырып, калы килем жаптырып, карача каймал туу ингенди ортого байлап, төө чечмейди баштамак болот. Калмактын каны Ороңгу энеден туума жылаңач чыгып келет. Эки колун төбөсүнө алып, төөнү тиши менен чечип алат. Муну көгөн мусулман менен каапырлар шатыра-шатман күлүшүп, тамашага батышат. Манас дүнүйөң жок беле деп, Ороңгуну уялтмакчы болуп сөз айтса, анда Ороңгу кайра Манаска ошол жердеги баатырларды бирден санап, Манастын өзүн кошуп баарыңарды тапкан менин абийирим деп мазактайт.

Эртеңки күн болгондо токсон тору айгырдын үйүрүн айдап келип, кай жыкканың алгын деп элдин ортосуна токтотот. Муну көрүп бүйрү кызыган, Коңурбай ким чыгар дейсиң, күрөшпөй эле байгени алам деп, аттан ыргып түшүп күрөшкө чыкты дейт. Кошой Манаска келип кимди чыгарабыз десе Манас Кылычтын уулу эр Агышты таап келгиле, кыз жандуу неме эле, кыз жандап кеткендир деп айтат. Кошой Агышты Айкандын кызы Алтынайдын айлынан таап Коңурбай менен күрөшүп, колумду булгабайм дегенине болбой алып келет да күрөшкө салат. Агыш менен Коңурбай отуз беш күн күрөшүп, Коңурбайды эр Агыш төбөсүнөн жер сайдырып жыгып кетет.

Эртеңки күнү болгондо Манас нечен күн-түн өттү, алабаш жорго, чубар ат байгеге камдалды. Эл агасы эр Кошой байгени карап көрүп кем-кемтиги бар болсо толтургун, мен ат жолуна барамын деп үч күнчүлүк жолго жөнөп кетет. Кырк чоросу түптүү чынар теректин түбүнө токтоп, Акбулчуңдай күлүктү аса байлап, Аколпокту айкарасынан жамынып, тогуз күн уктап калат. Чабылган аттардан кабар угулганда кырк чоросун чогултуп, Манас төлгөчүсүнө төлгө тарттырып, Көз ачыгына болжолун каратып, жер тыңшарына жер тыңшатып, так айта көр дейт. Жер тыңшар Актар жер астын тыңшап: Оо, баатыр Манас бадышам, кайсы экени билинбейт, алтай, алтай, каңгай, Кошой, Көкүм, Көкүм деген ураан көп деп Актар айтканча аттын алды көрүнүп калат. Алды Жолойдун Акбууданы, анын артынан Үрбүнүн Кыткарасы, анын артынан Жамгырчынын Аксаргылы, андан кийин Төштүктүн Чалкуйругу, Чалкуйруктун соңунан Жаш Айдарга оозун бербей Мааникер келет. Мааникердин артынан Жанаалынын Уртору, андан кийин Ороңгунун Оркула, эр Багыштын Суркоён, анын арка жагынан Аккуланы жаңыдан чоро болом деп Манаска келген Алмамбет сүрөп алыптыр. Аккуланы көрүп, Манастын ачуусу келип, Аккула сени жебесем деп Аккуланы жетектеп келе жаткан Алмамбетти көздөй жөнөйт. Анда Алмамбет: төрөм, төрөм десе мынча неге мынча дүркүйөсүң, Манас, Манас дегенде мынча неге сен барчаясың, үйлөп койгон чаначтай, мынча неге дардаясың. Кече атты өзүмө жайлатпай же Чалкуйрук менен кошо тердетпей сенин бул эмне кылганың деп, Алмамбет таарыныч сөзүн айтат. Ошондо Манас баатырың Жакыптап ураан чакырып, Аккулага катыра камчы салганда Аккуланын тайдай эти тарап, тайгандай жүнү түзөлүп, алты айчылык жол басып, ал табына келип, жети айчылык жол басып, жол табына келген Аккула көк булуттун асты менен муундуу чөптүн үстү менен аркырап келип учкан дейт. Өңгө аттардан күнчүлүк чыгып озуп кетет. Аны көрүп Манас Акбулчуң оозун тартып туруп калат. Кырк чоро Манастап ураан чакырып Аккуланын артынан кетет. Артта калган Манас артылманын Ак-Кыяга келип, аты баспай ашууга такалып калат. Манас атынан түшүп, Акбулчуңду кыр аркага салып Ак-Кыяны ашып түшөт да, кайра атына минип, аш берген жерге жете келет. Келсе Аккула аса байлалуу, кырк чоронун башы көзү жаралуу эмне экенин түшүнбөй байгени кайсы ат алганын билбей, Аккула албаса аны соёлу да этине мыктап тоёлу, сөөгүн итке, кушка жыттатпай бачайы менен оройлу, макмал менен чулгайлы, Масажалдын белине саарлап барып коёлу деп кырк чорону бирден санап чыгып, эмне болгонун сурайт. Ошондо Ажыбай эр Жолой Аккуланын байгесин тартып алып, кырк чорону сабап кеткенин айтат. Муну уккан Манас ордунан ыргып туруп, айбалтасын алып, Аккулага жайдак минип, Жолойду курчап турган каапырларга качырып кирип барат. Айбалта менен Жолойдун жаагын эше чабат. Манастын кылычын Бокмурун жете келип, акемдин ашы өтсүн, аш берген киши күнөөлүү, байгеңди Жолойдон өзүм сурап берейин деп атты чылбырдан алып жетелеп кетет. Жаагынан аккан канын эптеп токтотуп, чиркей эле бу Манас, чымын эле бу Манас, чагып эле кетти жаагымды деп, Жолой баатыр күпүлдөйт. Муну уккан эр Манас Жолойго алтымыш эрди бир жутуп, кан жыттанган ит, алтымыш жылы жөө басып, тер жыттанган ит. Кечээ үңкүрчөнүн оюнда, Үч-Капкактын боюнда отор төөңдү тартып алган мен Манас, эми сенден коркомбу. Агайкандын жолунда, Көгөйкандын жолунда жылкыңды тартып алганда сени бир өлтүргөм, эми сенден коркомбу, байгемди бергин ит Жолой дейт. Жолой Манастын сөзүнө кулак какпастан, өлсөм өлүп калармын өлбөсөм сага кылармын, жети сан кол жыйып келип, анан өчүмдү аламын деп, калмактарын ээрчитип жүрүп кетет. Манас кол сурап Кошойго, Төштүккө, дагы да башка баатырларга кайрылат. Алар ар кайсы сөздү айтып жубатып, кол беришпейт. Манас акыры кудай дешкен досу Көкчөгө кайрылып, Көгала аты менен Көккүбөсүн сураса калмак менен аралаш жашайм, Көгала менен Көккүбөнү тааныган калмак келип элимди талоонго алып кетпейби. Кааласаң же Акеркечти, же Умсунайды, же Үмүтайды алгының дейт. Муну уккан соң Манас Боз-Дөбөгө барып жатып алат. Эртеси кырк чорону жыйып, жыйырмасын жортуулга чыгам азык камдап берсин деп Каныкейге, Акболот жасап берсин деп жыйырмасын төкөр уста Дарканга атказып жиберет. Каныкейге түшүндө аян берген экен, чоролор келгенче даярлап, дайын кылып коёт. Даркан уста отуз уулу менен токойго кирип, Манас айткандай алты күндө Акболот себилди жасайт. Даркан уста Акболоттун сырын Манаска өзү айтып бермек болуп кошо келет. Кынга салса кылт этпейт, сууруп алса жылт этпейт, Батагыңдан аларда, капырды көздөй саларда, ай жакка карай шилтесең, алтындан чаңы жазылат, Күн жакка карап шилтесең, күмүштөн чаңы жазылат, төрөм. Акырын шилтеп бек тарткын, кокустан жерге түшпөсүн, колуңдан жаздым болбосун. Жүзүн жерге каратпа, төрөм, деп төкөр уста Даркан батасын берет.

Манас бардык камылгасы бүткөн соң ак чатырды бүктөтүп, кошту жүктөтүп, күнү-түнү тынбай жүрүп, Тал-Чокуга келет да Манас эки жагына көз салып кудайга жалынып, Ажыбайды кароолго жиберет. Эртеңинде көп кол менен Жолой келип калат. Каптап келген калың колдун ичинде кызыл желек туу кармап, кара ала ат минип ке.латкан кытайлардын сыр мурундуу Коңурбайын Манас көрөт. Алмамбетти чакырып Коңурбайды көрсөтүп, кокту менен барып, тушуңа келгенде найза сундуруп кол сал. Чамаң келсе ат-маты менен жыга көр. Чамаң жетпесе, эптеп атын ала көр дейт. Алмамбет капталынан качырып найза сайганда Коңурбай аттан жылмышып түшүп калат. Аны көргөн Жолой Ачбуудан менен Алмамбеттин артынан кууп жөнөйт. Орто жолдо Сарала жүрбөй калып, Жолой Алмамбетке бута атымдай жете келет. Сараладан түшө калып Каралага минсе, жоонун аты эмеспи, ооздугун чайнап туруп алат. Алмамбет кайра Саралага минет. Жолойдун жетип калганын көргөн Манас туурадан качырып, Жолойду аттан сайып түшүрүп, Ачбууданды кармап алайын десе, карчыга болуп асманга чыгып кетет. Манас Алмамбетке Акболотту сынаймын Жолойдун кийимин чечтирип, чочойтуп отургузгун дейт. Манас Акболот менен Жолойдун башын кыя чабат. Денесин чабуу үчүн катуу шилтеген кылыч денеден өтүп жерге кирип кетип, туткасы колунда калат. Алмамбетке отун алдыртып Жолойдун денесин өрттөтүп жиберет. Ачбуудан асманда жүрүп ээмде атаңдын деле кеги жок эле эмнеге өрттөп салдың, эми сага карматпайм деп, күйүп жаткан отко түшүп кетет.

Манас баатырдын кырк чоросу жабыла атка минип, алты сан калмакты алты аралап, жети сан калмакты жети аралап согушат. Манас калың колдун ичинен Алгарасын минип алган Коңурбайды көрөт. Качкан Коңурбайды кубалап Манас Көк-Меженин суусун кечип өтөрдө Алгараны куйруктан алганда куйругу колдо калып, Коңурбай кутулуп кетет. Куйругунан ажыраган Алгарага тил бүтүп, ал Коңурбайга мындай дейт, кытайлардын кыр мурундуу Коңурбай ээм, кулагымдан айрылып, чунак кара ат, куйругумдан айрылып, чолок кара ат болдум. Куйрук-жалым курусун, менин Жолой алпым канакей? Жолой алп да курусун, жалымды кашып берүүчү жан шеригим Ачбуудан тулпар канакей? Ачбууданы курусун, менин капкалуу көп журтум канакей? Эми элге не деп барабыз, журтка не деп айтабыз? Манастын аты арып калыптыр, өлсө өлүп калалы, өлбөсөк кекти алалы, дейт. Коңурбай суудан кайра кечип өтүп, Манаска келип үн салат. Токтой тур Манас, токтой тур. Менин да бир кишиче алым бар эле. Аркалыктын Сары Талаага ат жарышмак ойнойлук. Үзөңгүнүн боосунан оодарышмак ойнойлук. Андан айла болбосо найза менен сайышып, кылыч менен чабышып, андан айла болбосо такыядай баш чукуу, тартып алып беришип, андан айла болбосо ай балта менен чабышып оюн кылалык дейт. Манас макул болуп, башын тосуп бергенде Коңурбай айбалта менен оройго чапканда ташка тийгендей чак дей түшөт. Чапкан андай эмес, мындай деп, Манас Коңурбайды орой чокуга чапканда тоңкоюп барып жатып калат. Манас Аккула менен кайра тартып, кырк чорого келет. Кырк чоронун баарысы он эки сандан олжо алып, эң кенжеси Тазбайматка жети сан олжо тиет. Ошентип, Манастайын баатырың каапырдын журтун канап жеп, мусулман журтун санап билип, аягы бөтөгөлүү Кой-Таштан, башы Кызыл-Кыя, Сан-Таштан элди сурап калат. Манас баатырың боору чаар, сырты көк кара чоктуу калмактын журтун каратты. Кызыл чоктуу кытайдын журтун каратты. Кашкардан алтымыш асый, кырк кундуз алым жеди, Кокондон сексен байтал, жүз кундуз, зекет жеди. Мындан кийин жакшылар Манастайын баатырга батаңарды бергиле...

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4