«Манас» Секциясы

Википедия дан

«Манас» СекциясыКыргызстан жазуучулар союзунун алдындагы «Манас» эпосу боюнча иш алып баруучу бөлүм, 1982жылдын 15-сентябрында Кыргызстан КП БКнын токтому менен ачылып, аткарчу милдети белгиленген: «Манас» эпосун («Манас», «Семетей», «Сейтек») кара сөзгө айландырып, кыргызча, орусча басып чыгаруу менен эпосту СССР элдерине жана башка чет элдерге кеңири таанытуу; орусча поэтикалык котормосунун төрт томдугун даярдоо. Бул иш-чаралар келечекте «Манастын» миң жылдыгын өткөрүүгө карата алдын ала каралган даярдык болмокчу. Эпостун «Манас» бөлүмүн кара сөзгө айландырууну жазуучу А. Жакыпбеков (1-китеби К. Жусупов менен бирге; к. «Манас») иш жүзүнө ашырды. М. с-нын ишин бир окумуштуу секретарь алып барат. Ал эпосту кара сөзгө айландыруучу жазуучулардын, орусча котормосун\ жүзөгө ашырып жаткан котормочулардын, сөзмө-сөз котормосун даярдоочу окумуштуулардын, кеңешчилердин ишин көзөмөлгө алат, багыттайт. Эпосту, манасчыларды пропагандалоону жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.eposmanas.ru/