«Манас» бөлүмү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«Манас» бөлүмүКыргыз Улутуук Илимдер академиясындагы Адабият жана искусство институтунун «Манас» эпосун жыйноо, жарыялоо жана комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүүчү бөлүмү (мурдагы «Манас» сектору). 1924-ж. Ташкенде уюштурулган академиялык борбордун кыргыз бөлүмү 1925-ж. Фрунзеге көчүрүлүп, Кыргызстандагы илимий иштерди координациялаган. Илимий комиссия катары кыргыз тилинде окуу китептерин, мектеп программаларын түзүү, ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо, системага салуу иштерин жүргүзгөн. Илимий мекеме 1930-ж. Маданий курулуш институтуна, 1936-ж. Кыргыз тили жана жазмасы илим изилдөө институтуна, 1940-ж. 14-мартта Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтуна айландырылган. Анда кыргыз тили, адабияты жана «Манас» эпосу деген үч сектор болгон. «Манас» секторунун уюшулушу менен «Манас» эпосуна көңүл бурула баштаган. 1942-ж. институтта Фольклор жана этнография бөлүмү ачылып, «Манас» сектору ушул бөлүмгө кошулат. 1943-ж. Фольклор жана «Манас» эпосу өзүнчө бөлүм болуп, элдик оозеки чыгармачылык, «Манас» эпосу боюнча илим изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1948—56-ж. Фольклор жана «Манас» эпосу бөлүмү Кыргыз адабияты бөлүмүнө кошулуп, «Манас» эпосун жыйноо, изилдөө жана басмага даярдоо Адабият бөлүмүнүн чегинде жүргүзүлгөн. Кыргыз фольклорун тарыхый аспектиде карап чыгуунун, өзгөчө «Манас» эпосунун проблемалык маселелери боюнча изилдөөчүлөрдүн негизинде «Манас» секторун кайрадан уюштуруу маселеси күн тартибине коюлду. 1956-ж. институттун тутумунда «Манас» сектору уюштурулуп, илимий кызматкерлердин милдети «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарын изилдеп үйрөнүү болгон. Институттун кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо фондусунда (азыр Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмү) 60тан ашуун варианты бар. Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкул уулу, Мамбет Чокмор уулу жана башкалар манасчылардан жазылып алынган эпостун тексттеринин түп нускалары Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Сектордун илимий кызматкерлери варианттарды үйрөнүү менен гана чектелбестен эпосту дагы да эл арасында жыйноо, жыйналган материалдарды жарыялоо жана изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Өзгөчө академик Б. М. Юнусалиевдин эмгеги зор. Анын жетекчилиги менен «Манас» үчилтигинин курама варианты жарык көргөн. Сектордун кызматкерлери 1970—80жылдардын ичинде Сагымбай менен Саякбайдын варианттарын басмага даярдаган (к. китептер тууралуу атайын макалаларды). Ошондой эле Москвадан кыргыз жана орус тилдеринде «СССР элдеринин эпосу» сериясынан чыгуучу «Манас» эпосунун 4 томдугун басмага даярдашты.

Сектордун илимий кызматкерлери (Э. Абдылдаев, 3. Мамытбеков, С. Бегалиев, А. Жайнакова, Б. Керимжанова, Р. 3. Кыдырбаева, С. Мусаев, М. Мамыров, К. Кырбашев, Р. Сарыпбеков, Ошондой Сооронов) эпосту жыйноо жана жарыялоо менен катар эпостун ар кыл аспектидеги проблемалык маселелерин изилдөөгө кайрылып, ар түрдүү темадагы илим изилдөө иштерин жүргүзүп, монографиялык эмгектерди жаратышты. Авторлор эпостун жаралуу доорун, тарых менен байланышын, тигил же бул варианттын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн, композициясынын жана сюжет курулушунун варианттарындагы айырмачылыктарын, манасчылардын жекече айтуучулук чеберчилигин, эпостун варианттарынын стилдик жактан өзгөчөлүктөрүн, поэтикасын жана башкалар проблемалык маселелерине көңүл буруп, манастаануу илимине өз салымдарын кошту. Ошондой эле «Манас» эпосунун маселелери боюнча мезгилдүү басма сөз беттеринде макалаларды жарыялашып, радиоуктурууларга, телекөрсөтүүлөргө катышып, эпосту элге терең тааныштырууга көп күч жумшашты. Ошондой эле эпоско арналган ар кандай симпозиум, конференцияларды өткөрүүгө да активдүү катышууда.

1989-жылдан «Манас» сектору «Манас» эпосун комплекстүү изилдөө боюнча бөлүмгө айландырылып, аны философиялык, тарыхый, этнографиялык, музыкалык, лингвистикалык жана башкалар аспектиде изилдөөнү ишке ашыруу максатында жаңы адистер менен толукталды.

Бөлүм жакын арада Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунун академиялык басылышынын үстүндө иш алып барууда. Ошону менен катар эле эпосту комплекстүү изилдөөнүн айрым теориялык маселелери бөлүмдүн илимий кызматкерлеринин иш алып барат. Ошону менен катар эле эпосту 13 кызматкер иштеген. Фольклор жана «Манас» эпосу бөлүмү уюшулгандан «М». б. болгонго чейин бул илимий мекемени ар жылдарда М. И. Богданова, 3. Бектенов, Б. Керимжанова, Ө. Жакишев, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев жетектеген. 1989-жылдан Р. Кыдырбаева жетектейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4