«Манастын» музыкасы

Википедия дан

«Манастын» музыкасы. Кыргыз эл эпосу «Манас» — бул улуттук поэзия гана эмес, музыкалуу, обондуу ыр маданияты жагынан да зор көркөм чыгарма. Мазмуну, формасы боюнча фольклордук чыгармачылыктын түрлүү элементтеринен турган эң чоң катмар. Музыкалык аткаруучулук өнөр жагынан алып караганда согуш-казат, кошок, күлкү-тамаша, ашыктык, оюн-зоок өңдүү элдик ыр жанрларын өзүнө камтыган синтездик көркөм формага кирет. Бирок, «Манас» бири-биринен бөлүп алгыс сөз, музыка жана көркөм кол шилтемдерден түзүлгөн синкретизмдик же болбосо жарым синкретизмдик искусство болуп да эсептелинет. «Манастын» эң башкы музыкалык өзгөчөлүгү — анын жекече (соло) жана музыкалык аспаптын коштоосусуз аткарылгандыгы. Коштоочу аспаптык музыканын жоктугу өзүнчө бир ритмдештирилген актёрдук кол шилтемдер, жаңдоолор менен толукталып турат. Эпопеянын музыкалык интонацияларын өзүнчө эле жаткан обондор дүйнөсү, кыргыз эпикалык речитациясынын энциклопедиясы десе болот. Манасты аткарууга манасчылардын баарына орток, мүнөздүү обон, ык калыптанган, ошол белгилүү обон, ыкты ар бир аткаруучу өз талант-жөндөмүнө жараша өздөштүрөт, өз алдынча вариациялайт.

Демек, ар бир профессионал манасчынын жекече айтуучулук жөндөм-шыгына жараша эпостук обондордун ар кандай варианттары түзүлөт. Маселен, улуу манасчы Саякбай Карала уулу башка манасчылардан бөтөнчө экспрессиялуу үн интонациялары менен айырмаланып турат. Буга далил катары анын аткаруусунда «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунан кичинекей үзүндүнүн нотасын келтиребиз.

Бул келтирилген музыкалык «тез сүйлөө» речитативи Саякбайдын экспрессиялуу аткарган обонун иллюстрациялоо менен бирге, жалпы эле эпос айтуучулардын Ысык-Көл аймактык мектебинин үлгүсү боло алат.

Сагымбай Орозбак уулунун үнү жазылып калбагандыктан анын айтуу стилин конкреттүү түрдө нота менен көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок. Бирок, Сагымбай жөнүндөгү эскерүүлөргө караганда, ал салмактуу, жай, академиялык мүнөздө ырдаган. Сагымбайдын аткаруучулук стилин улантуучулардын бири — манасчы Молдобасан Мусулманкул уулу болгон . Анын аткаруусундагы граммафон табагына жазылган «Манастын чоң казатка аттанышы» — деген үзүндүнүн негизинде жогоруда айтылган ойдун туура экендигине толук ишенүүгө болот. Ушул үзүндүдө Молдобасан «чоң» эпостун музыкалуу лейтмотиви болуп эсептелинген сегиз-тогуз добуштуу фраза менен варианттап кайталап айтат. Саякбайдай экспрессиялуу речитатив — тез сүйлөмө интонацияларды колдонбойт. Нотада Молдобасан «Манасынын» музыкалык лейтмотиви берилген.

«Манас» айтуучунун эң кийинки мезгилдеги өкүлдөрүнүн бири катары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын манасчы-солисти Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракмановду алууга болот. Ал ар кайсы аймактык «мектептердин» ыкма-каражаттарын пайдаланып, синтездештирилген өзүнчө бир речитатив обондуу жекече аткаруучулук. манерага жетишкен.

«М» м. кыргыз эл аспаптык чыгармачылыгына да чоң таасир тийгизди. Кээ бир божомолдорго караганда революцияга чейин чоң манаптардын (мисалы Ормондун) керней, сурнай, добулбастардан түзүлгөн аскердик (кошундук) оркестри болгон. Ошондой эле комузчулардын чыгармачылыгында «Манастын» лейтмотивинин негизинде түзүлгөн марш ритмдүү казаттык музыкалык чыгармалардын кеңири орун алышын белгилөөгө болот. Мисалы, А. Тыныбековдун «Чоң кошуун», «Семетей күү» аттуу комуз күүлөрү «М.» м-нын негизинде жаралган кыргыз эл аспаптык музыкасынын үлгүсү болуп саналат. «М.» м. кыргыз музыкасына да таасирин тийгизүүдө, к. Музыка жана «Манас».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4