«Манастын» топонимиясы

Википедия дан

«Манастын» топонимиясы негизинен эки топко бөлүнөт: 1) эпостун өзүндө кезигүүчү географиялык аттар, 2) эпостун башкы каармандарынын ысымдарына байланыштуу онимдер. Үчилтиктин топонимиясы толук топтолуп, тийиштүү деңгээлде изилдене элек. Андагы жер-суу аттары, алардын түзүлүшү, лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрү, этимологиясы, жаралган мезгили, топонимикалык системасы иреттелип, терең иликтөөгө муктаж. Жарыяланган варианттарга караганда эпос топонимдерге бай. Э. Абдылдаевдин байкоосу боюнча («Манас» эпосунун историзми, Фр., 1987, 84-б.) топонимдердин көптүгү жагынан «Манаска» бир да эпикалык чыгарма тең келбейт.

Эпостун Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарыяланган китептеринде 532 топоним жолугат, кайталангандары менен кошо эсептегенде бул сан алда канча көбөйөт. Мисалы, Алтай, Анжыян, Бээжин, Какан (Каканчын), Каспаң, Кашкар, Каркыра, Талас жана башкалар 20—30 мертебе кезигет. Кеп санда, жер-суу аттарынын көпчүлүгүндө гана эмес, алардын эпостогу ордунда, алардын эпостун жалпы мазмуну менен айкалышында, анын тактыгына, маалымдуулугуна болгон таасиринде.

Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы топонимия өзүнүн ар түрдүүлүгү, географиялык диапазону табигый жана тарыхый реалияны эпикалык мүнөздө болсо да таамай чагылдырганы, жер-суу, шаар-кыштакты белгилүү аймакка бекем «байлаганы» менен айырмаланат. Эпосто аталган топонимдерден окуялардын багыты, жүрүшү, алардын айрым реалдуу регион менен айкалышы (мисалы, сүрүлгөн кыргыздардын Алтайды көздөй жөнөгөн же кайра кайткан жолунун багыты, өзгөчө Бокмурундун кошунунун Каркырага чейин басып өткөн жерлери) даана байкалат.

Эпостун топонимиясы өтө эле кеңири аймакка тараган. Ага Орто Азия, Казакстандан тышкары Кытай, Моңголия, Ооганстан кирет. Булар менен бирге региондон өтө алыс жайгашкан Түш. жана Батыш Азия, Европа өлкөлөрүндө, ал түгүл Африка (Мысыр, Магриб), эпикалык Батыштагы (Желпиниш, Жеткайт сыяктуу) айрым аймактын аттары да эскерилет. Баарынан көп топоним, арийне, окуялардын чордонун түзгөн Кыргызстан (89), Казакстан (89), Кытай (152) жана Алтай (47) аймактарынан учурайт. Эпосто Алтайдын алып турган орду так эмес. Аны азыркы Тоолуу Алтайдын аймагы деп түшүнүүгө эпостун топонимиясы, географиясы да жетиштүү негиз бербейт. Кыязы эпикалык Алтайга Жогорку Эртиш менен Моңгол-Алтайынын аймагы жана аларга коңшу жаткан түштүк тарап туура келиши ыктымал. Атайын изилдөөсүз бул тарыхый-географиялык табышмактын чечилиши кыйын. Ошондой эле көп сандаган жер-суу аттарын (Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы топонимдердин 49%) «таануу», алардын ордун табуу оңойлукка турбайт. Орто Азия аймагына тийиштүү жер-суу аттары эпостун топонимиясынын 40%ин түзөт. Белгилүү жер, өлкө, жайлоо ысымдарына жалпы топонимиянын 49% туура келет, гидронимияга 20%, калгандары тоо-таш, ашуу, кыя, ойдуң, шаар, кыштак атоолорун чагылдырат. Эпос кеңири хронологиялык диапазондогу географиялык аттарды кучагына алат. Алардын ичинде эски, илгерки жана кийинки кылымдарга белгилүү болгон онимдер да бар. Аксы, Алай, Андакен (Анжыян), Арбанты, Булагасын (Баласагун), Мачын, Орчун, Кокон жана башкалар о. кылымдарда тарыхый топонимикалык стратиграфиялык катмарга кирет. Ошондой болсо да эпикалык топонимия жетиштүү тарыхый дарек ролун аткара албайт. «Манаста» ойдон чыгарылган, манасчылардын фантазиясынан жаралган географиялык аттар арбын дегендей пикирлер айтылып жүрөт. Эпикалык чыгармада ансыз болбойт. Мындай ысымдар Сагымбай Орозбаковдун вариантында жолугат. Бирок, алар эпостогу жалпы, көпчүлүк реалияга үндөш географиялык аттарга доо келтире албайт. Эпостун башатынан бери көп замандар өттү. Нечен элдер жоголуп, аты өчтү, мезгил өзгөрдү. Мунун баары жергиликтүү топонимияга таасирин тийгизбей койгон жок. Көп ысымдар унутта калды, далайы тилдик өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мезгил, замана канчалык таасирин тийгизсе да «Манас» топонимиясы жоголбой, бөксөрбөй, өзүнүн тарыхый миссиясын толугу менен аткарууда. Эски жана жаңы топографиялык карталардан изилдөөчү алардын көбүн табат. Эпостун топонимиясында түрк тилдеринен кирген энчилүү аттар да белгилүү орунду ээлейт. Структурасы, лексика-грамматикалык өзгөчөлүктөрү жагынан эпикалык топонимия азыркы топонимия системасына окшош. Ал бир, эки, үч компоненттерден (мисалы, Арал, Ак-Отөк, Чын-Мачын, Азиреттин Кара-Тоо жана башкалар) турат. Алардын негизин элдик географиялык терминдер түзөт. Эпостун көп сандаган нукура терминдери жаратылыш, чарбачылык, коомдук турмуштагы көрүнүштөрдү таамай чагылдырат. «Манас» топонимиясы, элдик географиялык терминологиясы унутта калып, кебелбей жаткан чоң улуттук кенч, ал эпостун маанилүү, күчтүү жактарынын бири. Аларды ар тараптан изилдөө учурдагы милдет.

Манас жана эпостун башка каармандарынын атынан курулган антропоним-топонимияга келсек анын эпостун «өз» топонимиясынан алда канча аз экенин көрөбүз. Бул топтогу энчилүү аттар бүт дээрлик жеке Манастын ысымына байланыштуу сыяктуу. Топонимиялык «Манасиана» 50 ысымдан ашат. Бирок, бул Евроазиянын чар тарабына тараган онимдер баары тең эпостун каарманына байланыштуу, анча-мынчасынын ага тиешеси жок деген бүтүмгө келүү али эрте. Эгер жалаң Кыргызстандын аймагындагы географиялык номенклатурага кирген, карталарга түшкөн, илгертен маалим топонимдерди алсак (алар 20дан ашык), алар жеке Манастын ысымына байланыштуу экенине шек келтирүүгө болбойт. Таластагы Манас-Ата тоосу, Манас-Чоку, Алай кыркаларына чектеш Кырк-Манас, Сары-Жаз чөлкөмүндөгү Манас-Таш, Соң-көлдөгү Манастын Таш-Тулгасы жана башкалар Айрым топонимдер мындай табигый, элдик, стихиялык ыкма менен эмес жасалма, декреттөө жолу менен пайда болгон (Мисалы, Манас району, Манас айлы, Манас аэропорту жана башкалар).

Кыргызстандан тышкары Казакстандагы айрым топонимдер Манастын духуна карата жаралгандай сезилет. Бизди өзгөчө Дагстандагы «Манасиана» кызыктырбай койбойт. Ленин районунун аймагында дагстандык илимпоз Г. М. Оразаевдин маалыматы боюнча (1991) Манас атында 7 топоним (Манас, Манаскент, Манас-Өзөн, Манасмахи жана башкалар) бар. Далилдүү даректерге караганда бул жерлерди илгери ногойлор ээлеп турган (Оразаев, 1989). Мындан топонимдердин ногойлордун тарыхына, кандайдыр бир өлчөмдө Манаска да байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4