Манас Великодушный
| Параметр text не задан |
«Манас Великодушный» — Семён Липкиндин «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде жазган повести. Ал үч жолу басмадан чыккан (М., 1947, 1948, 1958). Повесть «Манас» эпосунун салттык сюжетинин окуяларын кыскартып, кээ бир жерлерине өзүнүн кошумчалары киргизилип, мектеп окуучуларына арналып жазылган. Китеп үч баптан турат. Биринчи бапта: түш көрүү, ат коюу, кырк чоро, Кошой менен жолугушуу, Алооке кандын качышы, Айкөлдүн аялы, Көкөтөйдүн ашы, Бабалардын жери жана башкалар экинчи бапка: кандардын бүтүмүнөн чоң казатка чейинки окуялар кирген, үчүнчү бапта: чалгынга чыгуу, туулган жер, баатырлардын кармашы, чыккынчылык, акыркы кармашуулар жана башкалар камтылган. Китеп көркөм сүрөттөр менен кооздолгон. Сүрөтчүсү Л. Фейнберг, кириш сөзүн А. Токомбаев жазган. Повесть жарык көргөндөн кийин көп узабай эле чет тилдерге да которулуп жаштардын сүйүктүү китебине айланган.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4