«Муңдук, зарлык»
«Муңдук, зарлык» – түрк элдеринде орток айтылган элдик поэма. Жанрдык жактан алганда жомоктук сюжеттин негизинде түзүлгөн. «Муңдук, зарлык» поэмасы кыргыздарда кеңири таралган. Б. Байсынова, Н. Самсалиев, М. Күрөңкөев, Үмөт Молдо, Б. Алыкулов, К. Салибаевдерден жазылып алынган. Б. Байсынова менен Н. Самсалиевдин варианты жөө жомок түрүндө; М. Күрөңкөев, Үмөт Молдо, Б. Алыкулов, К. Салибаевдин варианттары эпикалык салттуулуктун негизинде түзүлгөн. Сюжети: Жанчаркан деген хан кырк аял алса да балалуу болбой, алтымышка келгенде бала төрөп берчү кыз издеп, Канышайым деген жаш кызга баш кошот. Канышайым эгиз – бир уул, бир кыз төрөйт. Күнү кырк катын Канышайымдын балдарын күчүккө алмаштырып коюп, ууда жүргөн Жанчар ханга кабар айттырат. Балдарды сууга ыргыт деп мастан кемпирге беришет. Мастан кемпир сууга таштаганга колу барбай, балдарды тоодогу бир үңкүргө таштап келет. Жанчар хан «эки күчүк төрөгөн» аялына каарданып, Канышайымды күчүктөр менен кошо токойго алпарып таштап салат. Үңкүрдө калган балдарды кайберен эмизип чоңойтот. Поэманын акырында Жанчаркан ууда жүргөн жеринен балдарга жолугуп калат. Ал балдар Жанчаркандын балдары болуп чыгат. Балдардын энеси Канышайымды таап, жыргап-куунап жашап калышат. Кырк аял өз жазасын алат. Мына ушул негизги окуянын айланасына көптөгөн көөнө мотивдер, окуялар кошулуп отуруп, кызыктуу сюжет жаралган. «Муңдук, зарлык» поэмасы поэмасы кыргыз фольклорундагы эпикалык жанрдын катарын байытып, анын жаралуу, өсүү, калыптануу тарыхынан кабар берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7