«Новый мир»

Википедия дан

«Новый мир» - ай сайын чыгуучу адабий-көркөм жана коомдук-саясий журнал болгон; СССР жазуучулар союзунун органы болгон.

1925-жылы январдан (Москва). Биринчи редакторлору болуп: A. В. Луначарский, Ю. М. Стеклов, И. И. Скворцов-Степанюв; 1926-жылдан В. П. Полонский (1926-31); К. М. Симодав (194650, 1954-58), A. Т. Твардовский (1950-54; 1958-70) ж. б. иштеген. «Новый мир» журналына М. Горький, М. Шолохов, А.Толстой, Л. Леонов, М. Шагинян, А.Сурков, К. Федин, М. Пришвин, В. Катаев, М.Кольцов, Б. Пастернак, С. Маршак, Вс. Иванов өңдүү орус совет жазуучуларынын, көп улуттуу совет адабиятынын В. Быков, Р. Гамзатов, Д. Кугильтинов, М. Рыльский, М. Слущис өңдүү өкүлдөрүнүн жана чет элдик прогрессчил акын жазуучулардын чыгармалары жарыяланып Чыңгыздын чыгармаларына басымдуу көпчүлүгү эң оболу ушул маалда басылган.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1975). Тиражы 185 миң(1978) болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4