«Уотергейт жаңжалы»

Википедия дан

«Уотергейт жаңжалы» - АКШдагы 1972-жылдагы шайлоо компаниясы учурунда «Республикалык партиянын президентин кайра шайлоо боюнча комитетинин» мыйзамсыз аракеттерин тергөө иши.

1972-ж. 17-июнда Ричард Никсон (Реепубликалык партиядан) экинчи мөөнөткө кайрадан шайланганда Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Жордж Макговерндин Вашинггондогу «Уотергейт» комплексинде жайгашкан штабында отелге жашыруун укма аппаратты орнотуп жаткан 5 киши кармалган. Айрым маалыматтар боюнча алар демократтардын штабынан зарыл документтерди сүрөткө тартып жатышкан. Бул окуянын Никсондун админиетрациясы менен байланышы ушул кезге чейин далилдене элек. Бирок Никсондо демократтардын сүйлөшүүлөрү жашыруун түрдө жазылып алынган тасмалардын бардыгы анык болгону менен жашыруун укма аппарат «Уотергейт» отелине тиешеси жок болуп чыккан. 1973-ж. «Уотергейт» отелине киргендердин соту болгон. Ак Үйдүн консультанты Говард Хант жашыруун угуунун «техникалык» демилгечиси деп табылып, 33 ай түрмөдө отурган. Сенатта 1971-ж. сенатор С. Эрвиндин жетекчилиги астында бийликти бөлүштүрүү боюнча к-т түзүлүп, ал аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин конституциялык-укуктук мамилелерин изилдеген. Ушул фактылар Конгресстин Президентке каршы күрөшүндө укуктук база болгон. 1973- ж. 5-августта жарыяланган импичмент боюнча бүтүм АКШнын Сенатына жөнөтүүгө даяр болгон кезде Жогорку соттун аныктамасы боюнча мурда белгисиз болгон, 1972-ж. 23-июндагы Уотергейт инцидентинен бир нече күндөн кийин жазылган кассеталары уктурулуп, анда Никсон өзүнүн аппарат башчысы Холдмен менен Уотергейт окуясын талкуулаганы, аны иликтөө ишин ЦРУ менен ФБРдин жардамы аркылуу кантип токтотуу керектиги жөнүндө сүйлөшкөнү жарыяланган. Ак үйдүн кызматкерлери тарабынан көптөгөн мыйзам бузуучулуктун (сатып алуу, опузалоо, жалган күбө ж. б.) бети ачылган. Президент Р. Никсон «Уотергейт жаңжалына» катышты деп айыпталуудан жана импичмент тартибинде жоопкерчиликке тартылуудан коркуп, 1974-ж. 9-августта отставкага кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4