«Учур» мамлекеттик жаштар театры

Википедия дан

«Учур» мамлекеттик жаштар театры - кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана жаш таланттарды өстүрүү максатында 2001-ж. Улуттук телерадио корпорациясынын алдында түзүлгөн.

Театрда «21 кылымдын кадрлары» программасынын алкагында Москвадагы М. Щепкин атындагы Жогорку театр окуу жайын аяктаган актёрлор эмгектенишет. «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын ачылыш аземи орус драматургу С. Асанбековдун «бүтпөгөн потрет» аттуу спектаклинрежиссер А.Жапаров коюудан башталган. репертуарында чет элдик Ж. Мольер, «Тартюф»; Э. де Филиппо, «Цилиндр»; М. МакДонах, «Дүйнөдө жок сулуу»; Н. В. Гоголь, «Текшерүүчу»; Л. Разумовская, «Түнкү шоола» («Дорогая Елена Сергсевна»); Е. Алимжан, «Жануран»; И. Содиков, «Апендинин беш аялы») жана кыргыз (Ч. Айтматов, «Жаабарс», «Анархай...», «Кыямат»); Ж. Садыков, «Ак Мөөр»; М. Шаршенбаев, «Кум үстүндө түштөнүү»; М. Сейталиев, «Алыкул») ж. б. драматургдардын чыгармалары бар.

Театр респ. жана эл аралык театр фестивалдарынын лауреаты: «Науруз» (Татарстан, 2002, 2009, 2013), бүткүл дүйнөлүк балдар фестивалы (Оман, 2003), эл аралык театр фестивалы (Казахстан, 2007, 2008), А. П. Чехов атындагы X эл аралык театр фестивалы (Россия, 2011), «Арт-Ордо» (Кыргызстан, 2008, 2013) ж. б. 2001-жылдан театрдын көркөм жетекчиси жана директору Ш. Шейшенов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4