«Шырылдаң»

Википедия дан

«Шырылдаң» - кыргыз оозеки поэзиясындагы эмгек ырларынын бири.

Көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чыккан. Анда жылкычылардын оор турмушу баяндалып, «Шырылдаң» жылкычылар ыры экендиги айтылат. Жылкычылар «Шырылдаңды» ырдап, элден азык-түлүк да жыйналышкан Ырдын бир нече варианты атчан жүрүп, үндү бийик созуп ырдоого ылайыкталган кыска кайрыктуу өзүнчө обону бар.

«Шырылдаң» А. Аман-баев менен Ç. Германовдун «Айдар менен Айша» операсында пайдаланылган. Композитор Ж. Малдыбаева фортепьяно үчүн «Шырылдаң темасына пьеса» жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.