«155» улуттук кампаниясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«155» улуттук кампаниясы – жазык мыйзамдарына сунуштарды киргизүү, кыздарды ала качкан күнөөкөрлөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн сот процесстерине колдоо көрсөтүү, кеңири маалыматтык кампанияларды өткөрүү аркылуу Кыргызстандагы аялдарды ала качуу жосундарын түп-тамырынан жоюуну көздөгөн аялдардын кыймылынын активисттеринин жарандык демилгеси. "155" кампаниясы жарандык тармактын өкүлдөрүн, ушул маселеге кайдыгер карабаган республиканын бардык чөлкөмдөрүндөгү жарандардын башын бириктирди. КРнын Конституциясынын 6-беренесине ылайык «бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш». 2009-жылдын ноябрь айындагы миссиясында БУУнун атайын докладчысы Рашида Манджу айым аялдарга зомбулук көрсөтүү, анын себептери жана кедергилери маселесине арналган докладында Кыргызстанда кыз ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо жосундары үчүн жазаны күчөтүү керек деген сунушу менен бөлүшүп өттү.

Аялдарга жардам берүү борборунун берген маалыматы боюнча (www.wsc.kg) 2009-жылы гана Кыргызстанда 11,8 миңден ашуун кыз ала качылып, 2 миңден ашуун кыз зордуктоого дуушар болгон. Жазык иштери өтө сейрек учурларда гана козголуп (700 окуянын бирөөсү боюнча гана), сот өкүмү андан да сейрек учурларда чыгарылат (1,5 миң кыз ала качууга бир гана өкүм)[1].

КРнын Жазык кодексинде 16 жашка чыга элек адамды никеге турууга мажбурлоо, ошондой эле аялды никеге турууга мажбурлоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган (КРнын ЖКнин 154-беренесинин 20-гл). 2013-жылдын январында жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин 155-берене боюнча кыз ала качуу үчүн 100 баштап 200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин жазапул же үч жылга чейин эркиндигин чектөө каралган. Мындай жаза кыз ала качуу жосундарынын алдын ала алган жок. КРнын ЖКнин 165-беренесинин 1-бөлүгүндө мал уурдагандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган[2].

Жогоруда келтирилген фактылардан улам, кыздарды ала качуу жосундары үчүн жазаны күчөтүү боюнча эдвокаси кампаниясын өткөрүү максатында жалпы жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүү зарылчылыгы келип чыкты. Кампания Каракол шаарында "Быйылкы жазда АЛАР жок" жарандык акциясынан башталган. Аталган акция ала качылгандан кийин өз жанын кыйышкан кыздардын жаркын элесине арналган. Ысык-Көл дубанында эки студент кыздын өлүмү коомдун ичинде олуттуу тынчсызданууну жаратты. Алардын өлүмүнөн кийин активисттер, жаштар, бир катар бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери жана атка минерлер кыз ала качууга каршылыгын билдиришип аталган акцияда катышышты.

Караколдо өткөн акция коомду жандандырып, бүткүл өлкө боюнча жарандык коомдун уюмдары мобилизацияланды. Бишкек шаарында Аялдарга жардам берүү борбору кыз ала качууга каршы чара көрүү боюнча улуттук эдвокаси кампаниясын иштеп чыгуу үчүн жумушчу жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрүп, уюштурду. Жыйынтыгында, Кыз ала качууга каршы чара көрүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты А.Алтыбаева тарабынан КРнын ЖКнин 154- жана 155-беренелерине жазык мыйзамдарындагы басмырлоочу ченемдерди жоё турган өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору демилгеленди. Бул өзгөртүүлөр кыз ала качуу үчүн каралган жазалоо чараларын бир кыйла күчөтөт. Алсак, КРнын ЖКнин 154-беренесинин 2-бөлүгүндө он жети жашка чыга элек кызды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдагандыгы үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын белгилөө, ал эми КРнын ЖАКнин 155-беренесинде - аялды эркине каршы никеге тургузуу максатында уурдагандыгы үчүн беш жылдан жети жылга чейин[3] эркинен ажыратуу жазасын белгилөө сунушталды.

Аталган долбоордун максаты - учурдагы басмырлоочу ченемдерди жоюп, жазык мыйзамдарын КРнын Конституциясы менен ылайыкташтыруу, гендердик теңчиликти сактоо, аялды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо жосуну үчүн каралган жазык жоопкерчилигин адамды уурдоо үчүн каралган жазык жоопкерчилигине теңдөө. Ушул мыйзам долбоорун илгерилетүүдө гендердик теңчилик жаатындагы жарандык тармактын жигердүү катышуусу менен мыйзамдын долбоору коомдук деңгээлде талкууланды.

КРнын Омбудсменинин демилгеси менен ушул көйгөйдү талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулду. Жолугушууда жарандык коомдук уюмдары гана эмес, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү да катышты. Кыргызстандын Омбудсмени 2012-жылды кыздарды ала качуу көрүнүшүнө каршы күрөшүү жылы деп жарыялады.

2012-жылдын октябрь айында - Жогорку Кеңеште КРнын ЖКнин 154-, 155-беренелериндеги жазалоо чараларын катуулатууга добуш берердин алдында - бир катар бейөкмөт уюмдардын активисттери Жогорку Кеңештин алдында акция өткөрүшүп, парламентарийлерди каралып жаткан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш бергиле деп үндөштү[4]. Мындан тышкары, KyWRAW тармагынын жана жумушчу топтун мүчөлөрү[5] депутаттарга факс аркылуу кайрылууларды жөнөтүштү. Кыз ала качууга каршы футбол таймаштары уюштурулду[6]. Велосипедчилердин ассоциациясы "Велоспорт жана мен - зомбулукка каршыбыз" деген акция өткөрүштү[7] . Спортчулар менен жарандык активисттер веложарыштын жүрүшүндө кыргызстандыктарды "155" улуттук кампаниясына колдоо көрсөтүүгө чакырып жатышты.

Көпчүлүк уюмдар жана жарандар: Улуттук олимпиада комитети, республиканын алдыңкы спортчулары, театралдык топтор, коргонуу тутумунун өкүлдөрү "Эркектер кыздарды ала качууга каршы" урааны менен, КРнын куралдуу күчтөр институтунун курсанттары, Ислам университетинин студенттери, Футбол федерациясы - "Кыз ала качуу - кылмыш" деген жалпы ураандын астында чыгышып, кампанияны колдоп беришти. Сыналгы жана радио көрсөтүүлөр, интернет-порталдар, республикалык жана жергиликтүү деңгээлдердеги гезит-журналдар жарандык коомдун кыздарды ала качууга каршы күрөштө ролун чыңдоо жөнүндө маалымат жайылтып жатышты.

Жаштар активисттери "155" интернет баракчасын иштеп чыгышып, ал жерде каалагандар өз добушун калтырып, кампаниянын иши менен таанышып, КРнын ЖКнын 154-, 155-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз ой-жорумдары, сунуштары жана демилгелери менен бөлүшө алышты. Натыйжада, 2012-жылдын 20-декабрында КРнын Жогорку Кеңеши "КРнын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алышып, ал эми 2013-жылдын 25-январында КРнын Президенти А.Атамбаев бул мыйзамга кол коюп, ал расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

Эскертмелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Аялдар дуушар болгон зомбулукту жоюу боюнча комитеттин 2004-жылдын 30-январында билдирген ой-жорумдары /CEDAW/C/2004/I/CPR.3/Add.1/Rev.1. Маалымат булагы: http://www.wsc.kg/34
  2. Bride kidnapping in Kyrgyzstan [Электрондук ресурс]: URL: http://edition.cnn.com/.../vice-bride-kidnapping/
  3. Кызга караганда мал барктуураакпы? Же Кыргызстанда кыздарды кантип ала качышат [Электрондук ресурс]: URL: http://www.polit.kg/newskg/479 (Кайрылган күн: 20.12.15.
  4. КРнын Жазык кодекси (2015-жылдын 28-июлундагы КРнын №200 мыйзамынын редакциясында). [Электрондук ресурс]: URL: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/568
  5. Кыргызстанда кыз ала качууга каршы акция өткөрүлдү [Электрондук ресурс]: URL: http://www.ansar.ru/rfsng/v-kyrgyzstane-projdet-akciya-protiv-krazhi-nevest (Кайрылган күнү: 20.12.15)
  6. KyWRAW тармагы – Кыргыз Республикасындагы аялдардын саясий жана экономикалык укуктарын илгерилетүүгө кызыкдар болгон уюмдардын ыктыярдуу формалдуу эмес бирикмеси (www.kywraw.wsc.kg).
  7. Токмокто кыз ала качууга каршы футбол таймашы өтмөкчү. [Электрондук ресурс]: URL: http://kabar.kg/index.php/regions/full/42106 (Кайрылган күнү: 20.12.15)


Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]