Йокогама

Википедия дан
Ёкохама‎»‎ барагынан багытталды)
Йокогама.

Йокогама, Иокохама Япониядагы шаар, Хонсю аралында, Токиого жакын жайгашкан. Өлкөнүн алгачкы порту (жылына 120 млн т жүк ташылат). Канагава префектурасынын административдик борбору. Калкы 3,3 млн (1995); калкынын саны боюнча Токиодон кийинки 2-шаар. Метрополитен. Машина куруу (анын ичинде кеме куруу), металлургия, химия, атом, текстиль ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Төрт университет, тарыхый архив (1981) бар. Йокогама 1858-ж. балыкчылар посёлкасы катары пайда болгон. Синтоизм жана христиан храмдары сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]