АКШдагы граждандык согушу (1861-65)

Wikipedia дан

АКШдагы граждандык согушу (1861-65), - Америка революциясы - АКШнын түндүк жана түштүк штаттарынын ортосунда болгон согуш. Өлкөнүн ичиндеги түзүлгөн эки карама-каршылыктуу коомдук системадан улам келип чыккан. АКШнын түштүгүндө кулчулукка негизделген айыл чарба тармагы күчтүү өнүксө, түндүгүндө өнөржайлары алдыга озуп кеткен. Түштүк штаттардын плантаторлору кулчулукту сактап калууну жана келечекте АКШны бирдиктүү кул ээлөөчү державага айландырууну көздөшкөн жана алар АКШнын курамынан өз алдынча мамлекет катары бөлүнүп чыгууга умтулушкан. Ал эми Түндүк штаттарда 19-кылымдын орто ченинде кулчулукту жоюуга багытталган кыймыл башталат (к. Аболиционизм). Республикалык партиянын көрүнүктүү лидери А. Линкольндун 1860-жылдардагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши кул ээлөөчүлөрдүн бийликтен ажырашына алып келген. 1861-ж. февралда түштүктө Конфедерация түзүлүп (буга 34 штаттын 11 штаты бириккен), жарандык согушка даярдык көрүлөт. 13-апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоң чыгарып, Чарлстон булуңундагы Самтер фортун басып алышы менен АКШда 4 жылга созулган граждандык согуш башталган. Түндүктө өнөржай потенциалынын жана калктын санынын арбындыгына (22 млн, ал эми Түштүктө 9 млн, анын ичинде 4 млн негр кулдар болгон) карабастан, Түштүктө тажрыйбалуу офицерлер курамы, куралдардын запасы болуп, согушка даярдыгы бир кыйла күчтүү болгон. Согуштун 1-этабында (1861-62) Түндүк жеңилип, согуш создугуп кетет. 1862-ж. өлкөнүн конгресси согушту революциячыл жол менен жүргүзүү чараларын көрө баштайт. Бул максатта кабыл алынган Гомстедакт жөнүндөгү мыйзам боюнча АКШнын 21 жашка толгон жана Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жараны 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Аны иштеткен, ошол жерде жашаган адамга 5 жылдан кийин ал жер акысыз берилген. 1863-ж. 1-январда кулдардын азаттыгы тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин плантаторлор менен янкилердин (түндүктөгүлөр) согушунун максаты кулдарга түшүнүктүү болуп, негрлер топ-тобу менен түндүктөгүлөр тарапка өтүп, федералдык армиянын катарында кызмат өтөй баштаган. 1863-жылдан согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миң негр кошулат, булардын 72%и козголоңчу түштүк штаттардан келген; 250 миң негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Түндүктүн жеңишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алардан куралган полктордун саны согуштун аягында 186га жеткен. Козголоңчуларга каршы чабуул жаңы план боюнча жүргүзүлүп, аскерлер Миссисипи дарыясын бойлоп аракеттенип, Конфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштайт. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, колөнөрчүлөр кошулушкан. 1865-ж. 3-апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору. Ричмонду алышкан. Ушул окуядан кийин гана козголоңчулардын аскерлери багынууга аргасыз болуп, жарандык согуш аяктаган. Бул согушта 600 миңден ашуун адам курман болгон. Согуштан соң Түштүктү жаңылап кайра куруу, расалардын ортосундагы теңсиздикти жоюу ж-а адилеттүүлүк үчүн күрөш дагы биртоп мезгилге чейин созулган. Буга карабастан, негизинен АКШда кулчулук биротоло жоюлган жана айыл чарбасында капиталисттик - фермердик жол менен өнүгүүгө жагымдуу шарттар түзүлүп, бирдиктүү улуттук рынокту уюштуруу аракеттери башталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1